Казакстанда окуучулар үчүн атайын тарифтик план киргизилет

Казакстанда окуучулар үчүн атайын тарифтик план киргизилет

Дистанттык билим берүүнү колдоо үчүн РК Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги уюлдук байланыш операторлору менен бирге мугалимдер, окуучулар жана студенттер үчүн «Билим» атайын тарифтик планын иштеп чыкты. Ал жаңы окуу жылына карата ишке киргизилет. РК Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тарифтин баасы 990 теңгени түзөт. Ал өзүнө Билим берүү жана илим министрлиги жактырган 380 ата мекендик билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү, анын ичинде казакстандык видеоконференция байланыш системасын камтыйт.

«Билим» атайын тарифинин айлык абоненттик төлөмү 990 теңгени түзөт. Ал тариф баш оонанын 20-күнүнөн пайдаланууга жеткиликтүү болот. Жаңы тарифтик планга кошулуу шарттарын азыр РК Билим берүү жана илим министрлиги иштеп жатат. Ошондой эле, байланыш операторлору кошумча 1 ГБ интернет-трафик кошуп берет», - деп кошумчалады мекеме башчысынын милдетин аткаруучу Багдат Мусин.

Бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги жана байланыш операторлору ортосунда казакстандыктарды билим берүү ресурстарына чектелбеген түрдө жеткиликтүү кылуу боюнча кызматташуу меморандуму түзүлүп, кол коюлган.

Ошондой эле, министрлик менен уюлдук операторлор анализ жүргүзүп, мектептерде интернеттин ылдамдыгы 8 Мбит-сек. чейин жогорулатуу мүмкүндүгүн аныкташты.

«Бул маалымат сунушталган тарифтик пландарды жана байланышуу жактарды көрсөтүү менен аймактарга багытталган. Бүгүнкү күнү акимиаттар мектептерди интернет менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө», - деп мекемеден белгилешти.

 

Фото: elitar.kz