Шымкент 2020 КМШ маданий борбору макамында: быйыл кандай иш-чаралар пландалган?

Шымкент 2020 КМШ маданий борбору макамында: быйыл кандай иш-чаралар пландалган?

«Шымкент – КМШ маданий борбору» жылынын алкагында 7 эл аралык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, тилдерди өнүктүрүү жана шаарлардын архивдери башкармалыгынын башчысы Рашид Мынбаев билдирди.

«Өлкөгө киргизилген карантиндик режимге байланыштуу «Шымкент – КМШ маданий борбору» жылынын алкагындагы иш-чараларды онлайн-форматта өткөрөбүз. Иш-чаралар баш оонада башталат жана жыл соңуна чейин уланат. Ушул убакыт ичинде 7 эл аралык маданий иш-чара өтөт. Анын ичинде, концерттер: «Шымкент берекелүү шаар» балдар чыгармачылыгы, «Достуктун опера жылдыздары», театралдык фестивалдар жана казактын улуу ойчулунун 175 жылдыгына арналган Абайдын «Насаат сөзүн» көркөм окуу жана башка иш-чаралар болот», - дейт башкармалыктын башчысы.

Айтмакчы, ушул жылдын алкагында баш оонанын 1-күнүнөн элдик аспаптарды аткаруучулардын «Шериктештик элдеринин музыкасы» фестивалы башталды. Ушул айдын он бешине чейин улана турган иш-чара КМШ элдеринин өзгөчө маданий мурастарын жана  рухий баалуулуктарын даңазалоого, рухий, чыгармачыл байланыштарды кеңейтүү, ар түрдүү элдердин музыкалык маданий мурастары менен тааныштыруу, элдик аспаптарда ойнолгон салттуу музыкалык аткаруучулукту сактоо жана өнүктүрүү, Шериктештиктеги өлкөлөрдүн калкынын элдик салттуу маданиятын кызыгууга түрткү берүү жана үлгүлөрүн изилдеп үйрөнүү жана өздөштүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары, казак композитору Шамши Калдаяковдун 90 жылдыгына арналган эстрадалык ырлардын аткаруучулары үчүн «Менин Казакстаным» аттуу сынак башталган. Ал дагы баш оонанын 15-күнүнө чейин уланат.

Белгиле кетсек, Шымкент шаары КМШнын 16-маданий борбору болуп калды. Шымкент жылынын расмий ачылышы кулжа айынын 19-күнү болгон. 

 

Фото: e-cis.info