Карантинде үйлөнүү тойду кантип майрамдаса болот?

Карантинде үйлөнүү тойду кантип майрамдаса болот?

Үйлөнүү тойлорун алып баруучулар, чоң ресторандардын ээлери, бийчилер жана башка майрам өткөрүү чөйрөсүнүн кызматчылары – акы төлөнбөгөн өргүүдө жүрүшөт. Ал эми арзышкандарды «тойду кантип өткөрөбүз?», - деген ой кыйнап жатат. Дагы көптөрү санитардык талаптарды бузуу менен жабык эшик артында конок тосуп жатышат. Бирок Казакстанда улам көптөгөн жаштар улуу тумоо убагында той өткөрүүдөн баш тартууда. Айтмакчы ушул күндү өзгөчө кылып өткөрүү үчүн көптөгөн жолдор бар. Бүгүн күнү туугандар менен Зум аркылуу үйлөнүү тойду өткөрүү, автоунаа менен сейилдөө жана бет капчан өбүшүүлөр тренд болуп жатат.

Ошондой варианттардын бирин Ерке Мушелбаева колдонду. Эки жаш үй-бүлө түзүүнү карантин убагында чечишкен, бирок азыркы кырдаал тойду жылдырууга шылтоо болбойт экен. Кыз чакан тойлорду жактачу, ошондуктан оору таралган кездеги тойлорго тыюу салуу аны капа кылган жок. Тескерисинче бул романтика жана жаңыча идеялар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

«Экөө үчүн үйлөнүү той» деген сыяктуу иш-чара болот, бул азыр менимче элде кеңири айтылып жатат. Биз никени каттоого кайрылуу бердик, жакында күбөлүгүбүздү алабыз. Андан соң экөөбүз эстелик үчүн чакан үйлөнүү үлпөт фотосессиясын уюштурабыз. Анан достор менен туугандардын куттуктоолорун аралыктан кабыл алабыз», - деп Ерке Мушелбаева ой бөлүштү.

Бирок жаш жубайлар үчүн – той бир күндүк бактылуу учур болсо, той өткөрүүчүлөр үчүн – алар ар жума сайын аткарган жумуш болгон. Айрымдары майрамдарды өткөрүүнү калыбына келтирүү үчүн күрөшүп жана санитардык талаптарды жоюу талабын коюп жатса, башкалары ал чаралардын маанилүүлүгүн түшүнүп жатат. Мисалы, майрамдык иш-чараларды алып баруучулардын башка кесиптери дагы бар: айтсак алар актёр, журналист, теле жана радио берүүлөрдүн дикторлору. Кимдир бирөөлөр онлайн сабак берип жатат. Башкасы курстарды ачууда. Алар негизги киреше булагын жоготушса дагы нанга акча таппай калышкан жок.

«Азыр кайдагы үйлөнүү той, өлкөдө андай иш-чараларга расмий тыюу салынган. Эми эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышын күтөбүз. Абал оңолсо тойлор дагы кайтып келет. Биз азыр алектенчү иштер көп. Эч ким деңизден аба-ырайын күтпөйт. Бардыгы мүмкүн болушунча чыгармачыл долбоорлорго кошулган», - дейт журналист Еркебулан Тлеулин. 

Жакшы күндөр качан кайтып келээри азыр белгисиз. Вирусологдордун пикири боюнча, атүгүл карантин аяктаса дагы вирус эч жакка кетпейт жана санитардык эрежелер күндөлүк адат болуп калышы керек. Ал эми арзышкан жаштар той өткөрүп, туугандарынын ден соолугун тобокелге салууну же коопсуздугун ойлоо жагын өздөрү тандайт. Айтмакчы бал айын ооруп өткөрүү, үй-бүлөлүк жашоо үчүн жакшы жышаан эмес. Андыктан адистер жаш жубайларга үйлөнүүдөн эмес, чоң тойлордон баш тартууга кеңеш берет.

«Үйлөнүүнү токтотууга эч ким мажбурлабайт! Менин курбум күйөөсү экөө үйлөнүү үлпөт кийимдерин сатып алышты. Бул бактылуу көз ирмемдин маанилүүлүгүн сезүүгө мүмкүндүк берет. Үйлөнүү тойдун бардык белгилери болушу керек. Болгону ресторан жок. Анткени бул силердин гана күн – аны экөөңөр майрамдайсыңар. Азыр бийик үйдүн үстүндө сый тамак уюштуруу же башка кызматтар көп. Эң башкысы каалоо болсо болду», - дейт колуктунун курбусу Айнур Ахтанова.

Аны менен бирге адистер майрамдык шаан-шөкөт үчүн батирди кооздоого кеңеш беришет. Ал эми туугандар үйдөгү майрамдык столго видео чакыруу аркылуу кошула алышат. Демек бул майрам болду дегенди билдирет. Эске салсак, Казакстанда карантин баш оонанын 17-күнүнө чейин узартылган. Ал мезгилде ресторандарда массалык салтанаттарга тыюу салынган.

 

Фото: the-wedding.ru