Казакстанда жаныбарларга катаал мамиле жасоо үчүн жаза күчөтүлөт

Казакстанда жаныбарларга катаал мамиле жасоо үчүн жаза күчөтүлөт

Жолбун иттерди атуу, мышыктарды кыйнап өлтүрүү, тюлендерди уруп-сабоо жана атагүл ит уруштуруу үчүн күнөөлүүлөр жазага тартылышы керек. Жаныбарларды коргоочулар айбанаттарга карата мындай мамилелер эмне үчүн жазасыз калып жатканын түшүнбөйт.

Бүгүн ушул көйгөй Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлигинде кайра көтөрүлдү. Адистер коомчулук өкүлдөрү менен бирге «Жаныбарларга карата жоопкерчиликтүү мамиле жөнүндө» мыйзам долбоорун онлайн талкуулашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы документ эчак бышып жетилген. Министр билдирген боюнча, жандыктарга катаал мамиле кылуу акыры адамдарга ошондой мамиле кылууга алып келээрин изилдөөлөр көрсөткөн. Бул коомдо кооптуу кылмышкерлерди пайда кылышы дагы мүмкүн. Буга шектенүүгө дагы болбойт – казакстандыктар улам барган сайын зомбулуктун түрдүү фактыларына күбө болууда.

«Жакында жалпыга маалымдоо каражаттарында жаныбарларга карата катаал мамиленини жаңы фактылары чыкты. Айтсак, Шымкентте бир киши балдардын көзүнчө көчөдө мышыкты атып өлтүргөн, борбор шаарда дагы бир бала мышыктын баласын акыркы кабаттан тепкичке ыргыткан. Мындай катаал мамиле биринчи жолу болуп жаткан жок. Чындыгында бул абдан олуттуу көйгөй», - деп белгиледи министр.

Министрлик билдирген боюнча, бүгүнкү күнү казакстандык мыйзамдарда жаныбарлар үчүн баш калкалоо жайлары жана аларды куруу стандарттары, жандыктарды сейилдетүү эрежелери жөнүндө түшүнүк жок. Мындан тышкары, ар бир аймактын жолбун иттерди кармоо жана жок кылуу боюнча өз ыкмалары бар. Зоо коргоочулар анын ордуна жаныбарларды атайын жайларга багууну сунуштоодо. Министр белгилегендей, азыр коомдо жаныбарларга карата гумандуу мамилени кайра жаратуу зарыл.

«Ушул процесске мүмкүн болушунча көп адамдар, адистер, коомдук ишмерлер жана ыктыярчылар катышканы маанилүү. Биз сиздердин колдоого үмүттөнөбүз, анткени бул биздин балдарга, кийинки муунга калтыра турган турмуш чындыгы. Биз аларга жогорку деңгээлдеги маданияттуу мамилени калтыруубуз керек. Ушул мыйзам долбоорунун ченемдерин адистер иштеп чыккан, анда жаныбарларга карата адамдардын мамилеси кандай болушу керектиги тууралуу түшүнүк так берилген. Биз жаныбарларга терс мамиле кылуу үчүн так ченемдерди киргизип, алар кайталанбас үчүн катаал жаза беришибиз керек. Мындай кылмыштар үчүн бүгүнкү жаза берүү өтө жумшак жана катаалдатууну талап кылат», - деп Магзум Мирзагалиев жыйынтыктады.

Бүгүн бул документ өкмөттүн кароосунда турат. Белгилей кетсек, учурда өлкөдө жаныбарларга жоокерчиликтүү мамиле кылуу жөнүндө бир дагы мыйзам жок. Демек бул Казакстанда алар эч кандай коргоого алынган эмес дегенди билдирет. 

 

Фото: 4vsar.ru