Абайдын 175 жылдыгына карата бир нече онлайн-сынак жарыяланды

Абайдын 175 жылдыгына карата бир нече онлайн-сынак жарыяланды

Абай – дүйнөгө белгилүү акын жана ойчул. Быйыл улуу акындын 175 жылдыгы алкагында анын чыгармачылыгын терең изилдеп үйрөнүү каралган. Абайдын мурасына өсүп келе жаткан муунду кызыктыруу маанилүү болуп турат. Улуттук академиялык китепканага караштуу Балдар китепканасы «Асыл сөздү издесең...» аттуу онлайн-марафондун башталышы жөнүндө жарыялады.   

 «Онлайн-марафонго 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар катыша алат. Алар Абайдын «Насаат сөз» чыгармасын окуп, аны видеого тартып, анан сынакка жөнөтө алат. Роликтин узундугу 3 мүнөттөн ашпаш керек. Марафон баш оонанын 3-күнүнөн тартып, 25-күнгө чейин уланат. Бардык каалоочулар тасмасын жөнөтө алат. Марафондун максаттарынын бири – окурмандардын Абайдын чыгармачылыгына кызыгуусун жогорулатуу, ошондой эле, балдардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу, алардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү жана түшүнүгүн кеңейтүү», - деп билдирди Улуттук академиялык китепкананын балдар адабияты секторунун жетекчиси Нургуль Амиржанова.

Абай шаарынын Борбордук балдар китепканасы дагы бир иш-чара өткөрүүдө. Мында «Сен Абайды билесиңби?» аттуу адабий таанып билүү онлайн-бет ачар өтүп жатат, анда балдар улуу акындын чыгармачылыгы менен таанышат.

Ал эми Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында элдик ырчылар үчүн «Абай әндері» онлайн-сынагы өтүп жатат. Катышуучулар кароо-сынак алкагында  акындын сүйүктүү чыгармаларын аткарат, аны видего жаздырат жана конкурстук комиссияга жөнөт. 

«Абайдын 175 жылдыгынын урматына ТҮРКСОЙ мамлекеттеринен келген катышуучулардын эл аралык фестивалын өткөрүү пландалган. Бирок коронавирустун жайылышынан улам бардык иш-чаралар жылдырылды. Бирок биз онлайн-сынак өткөрүүнү чечтик жана ага ар түрдүү курактагы кесипкөй эмес ырчыларды тартууну туура көрдүк. Анткени Абай – элдик акын. Ошентип биз чыгармачылык үчүн чекти кеңейтип жатабыз, аткаруучуларды жанр боюнча чектебейбиз, алар жекече жана ансамблде дагы ырдай алышат. Кароо-сынак ошондой эле мыкты таланттарды аныктоого дагы арналган», - деп түшүндүрдү МАОБТ мүдүрү Ая Калиева.

Кошумчалай кетсек, буга чейин өлкөнүн булуң-бурчунан 70 чакты катышуучудан билдирүү келип түшкөн жана жеңүүчүлөрдү аныктоо боюнча ачык добуш берүү башталды. Алардын ысымдары баш оонанын 10-күнүнөн кийин www.gatob.kz театрдын расмий сайтынан жана социалдык тармактардан билүүгө болот.

Айтмакчы, өнөрү мыкты аткаруучулар «Галерея Арте чакырат!» долбоорунун алкагында концертке чакырылат.

 

Фото: qazaquni.kz