Челлендж #3жаңыадат – казак ишкерлеринде трендде

Челлендж #3жаңыадат – казак ишкерлеринде трендде

Казакстанда коронавирустун алдын алуу боюнча кезектеги челлендж жайылып бара жатат. «Үч жаңы адат» деп аталган акцияны «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасы теке айынын ортосунда баштаган – аны менен уюштуруучулар адамдардын санитардык ченемдерди сактоону унутпашын каалашкан. Бул калкка жана бизнеске дагы таандык.

Айтмакчы, чакырыкты дароо эле белгилүү спортчулар, журналисттер, блогерлер жана шоу бизнес өкүлдөрү кабыл алышты. Анын ичинде, Серик Сапиев, Кымбат Досжан, Галым Байтук, Кайрат Адилгерей, саясат таануучу Ерлан Саиров жана башкалар #3жаңыадат хештеги менен пост жайгаштырышкан. Социалдык марафондун мааниси эң жөнөкөй: жарандарды колду жууга, бет кап тагынууга жана аралыкты сактоого чакыруу – алар жаңы адаттарды автоматтык түрдө аткаруусу керек.

«10 күн мурда биз жалпы улуттук #3zhanaádet, #3жаңыадат челленджин баштаганбыз. Кесиптештерде, ишкерлерде, бардыгынын социалдык тармактарда аккаунттары бар. Ошол аккаунттар аркылуу биз сиздерди стикерлерди жайгаштырууга, жаңы адаттарды көнүмүшкө айлантууга чакырабыз. Биз чакырыктар бардык жерде: кеңселер, видеороликтер, социалдык тармактар, күндөлүк керектелүүчү товарларда болушун каалайбыз. Үйдөн чыгып жатып, дүкөнгө, дарыканага барууда биз ошол эң жөнөкөй чакырыктарды көрүп турушубуз керек», - деп белгиледи «Атамекен» УИП башкармалыгынын төрагасы Аблай Мырзахметов.

Айта кетсек, ишкерлер атүгүл өз ресурстарын колдонуу менен марафонго жигердүү катыша башташты. Мисалы, жумуртка өндүргөн компаниялардын бири өнүмүнө жашоочуларды ушул үч жөнөкөй адатты сактоого чакыруу жазылган стикерлерди чаптап чыгара баштады.

«Биз дайыма сергек жашоо мүнөзү үчүн «ООБА» дейбиз. Азыр биздин ден соолугубуз, бүткүл адамзаттын ден соолугунун көйгөйү курч болуп турган кезде экономиканын андан аркы өнүгүшү дагы маанилүү, андыктан мындай алдын алуу чаралары эч качан ашыкча болбойт. Бул адаттар биздин жашообузга канчалык тезирээк кирсе, биз кадимки жашоого ошончолук тез кайтабыз», - дейт ишкер Александр Прядко.

 

Фото: zakon.kz