Казакстан: Премьер-министр жаңы окуу жылына даярдыкты күчөтүүнү тапшырды

Казакстан: Премьер-министр жаңы окуу жылына даярдыкты күчөтүүнү тапшырды

Аскар Мамин Өкмөткө жаңы окуу жылына карата даярдыкты күчөтүүнү тапшырды. Ал үчүн баш оонанын жыйырмасына чейин ата-энелердин республикалык жыйынын уюштуруу зарылдыгын Казакстандын Премьер-министри баса белгиледи. Ал жыйын бардык кызыктар жактарга толук маалымдоо шарты менен алдыда турган окуу процесси жөнүндө онлайн-режимде өтүшү керек.

«Жаңы окуу жылына бир айга жетпеген убакыт калды, андыктан даярдыкты олуттуу күчөтүү зарыл. Бүткүл окутуу методологиясын иштеп чыгуу, балдар, ата-энелер жана педагогдор арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл», - деди Аскар Мамин.

«Окуу китептеринин бардык версиялары милдеттүү түрдө ачык жеткиликтүү жайгаштырылган электрондук форматтар менен коштолууга тийиш. Инновация жана аэрокосмостук өнөр жайды санариптик өнүктүрүү министрлиги акимиаттар жана операторлор менен биргеликте билим берүү ресурстарынын жеткиликтүү жана туруктуу иштешин, Интернеттин калктуу конуштарда сапаттуу жана ылдам байланышын камсыздашы керек», - деп кошумчалады премьер-министр.

Ошондой эле, Өкмөттүк кеңешме жыйынында билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов Казакстанда 20 миңден ашык мугалимде компьютерлер же интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгү жоктугун билдирди, андыктан бул маселе мектеп компьютерлерин убактылуу пайдаланууга берүү менен чечилмекчи.

«Жергиликтүү аткаруучу бийлик органдар жыл башынан мектептерге компьютердик техника алуу боюнча иштерди активдүү жүргүзүп жатат. Жалпысынан 185 миң окуучуда компьютер жок. Биз компьютерлердин тартыштыгын, өзгөчө көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө компьютерлер жетпей жатканын көрүп турабыз. Ошондуктан тогуздун айынын башынан тартып 500 миңден ашык бала компьютердик техника менен камсыздалат. Андан башка 24 миң педагогдун жеке компьютери жок жана 2 миң педагог интернетке жеткиликтүү эмес. Бул маселе мектеп компьютерлерин убактылуу пайдаланууга берүү жолу менен чечилмекчи болуп жатат», - деп билдирди  РК Билим берүү жана илим министри.

 

Фото: primeminister.kz