Казакстанда күзүндө 2,6 миллион окуучу аралыктан окуйт

Казакстанда күзүндө 2,6 миллион окуучу аралыктан окуйт

Алдын ала божомол боюнча, Казакстанда аяк оона айынын 1-күнүнөн 2,6 миллион окуучу интернет-платформалар менен телекөрсөтүүнү колдонуу аркылуу аралыктан окутулат. Бул жөнүндө Өкмөттүк кеңешмеде билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов билдирди. Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чечимдин өзгөчөлүгү болот.

«Алдын ала божомол боюнча, интернет-платформалар менен телекөрсөтүүнү колдонуу аркылуу аралыктан 2,6 миллион окуучу, кезметтик класстарда – 530 миң бала, штаттык режимде 157 миңден ашык окуучу окутулат», - деп билдирди Асхат Аймагамбетов.

Министр кошумчалагандай, штаттык режимде окутуу алыскы айылдардын чакан комплекттеги мектептердин окуучулары үчүн жүргүзүлөт. Башталгыч класстардын окуучулары ата-энелердин кайрылуу арызы боюнча, санитардык талаптарды катуу сактоо менен окутула баштайт. Кезметтик класстарга окуучулар ата-энелердин арызынын негизинде кабыл алынат.

«Башкача айтканда, кезметтик класстардын окуучулары бир кабинетте бир мугалим менен окушат. Кезметтик класстарга билдирүү берүү электрондук формада бардык жеткиликтүү байланыш каражаттары аркылуу кабыл алынат», - деп кошумчалады министр.

 

Фото: almaty.kz


×