Мамлекеттин эсебинен керектүү кесипти кантип алууга болот?

Мамлекеттин эсебинен керектүү кесипти кантип алууга болот?

Борбордун жумушсуз жашоочулары суроо-талап жогору адистиктерге акысыз окуй алышат. Анын үстүнө аларга стипендия каралган. Бул тууралуу Нур-Султан шаарынын расмий сайты билдирди.

Жумушсуздар үчүн кесиптик билим берүү «Еңбек» Мамлекеттик программасынын алкагында иш берүүчүлөрдүн билдирмелери боюнча кийинки ишке орноштуруу шарты менен уюштурулат. Шаардын калкты ишке жайгаштыруу борбору катышуучуларды алдын ала тизмеге каттап жатат. Кайтадан окутуу төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт.

«Булар ашпозчу, наабайчы, кондитер, тигүүчү, чач тарач, кассир-көзөмөлчү, анимация жана видеографика адиси, тарбиячынын жардамчысы, эмерек куроочу, жыгач боёчу адис, арматура куроочу, монтаждоочу, газ жабдууларын иштетүү жана оңдоо слесары, газ электр ширетүүчү, электрослесарь, жарым автоматтык машинанын электр ширетүүчүлөрү», - деп билдирүүдө айтылат.

Айта кетсек, «Еңбек» Мамлекеттик программасынын алкагында кыска мөөнөттүү кесиптик окутууларга 155 орун ачылган. Окутуу мөөнөтү – квалификацияга жана көндүмдөр өзгөчөлүгүнө жараша бир айдан үч айга чейин созулат. Бул окутуулар билим берүү уюмдарында дуалдык окутуу элементи менен жүргүзүлөт.   

«Бул окутууларга катышуу үчүн Нур-Султанда туруктуу же убактылуу каттоосу, колдонуудагы же болбосо убактылуу токтотулган Жеке ишкер же Жоопкерчилиги чектелген шериктештик ишкердүүлүгү жок болушу зарыл. Программанын катышуучулары мамлекеттик колдоо менен камсыздалат, окутуу убагында аларга 21 миң 787 теңге өлчөмүндөгү стипендия төлөнөт жана медициналык кароодон өтүүсү үчүн 5556 теңге материалдык жардам берилет», - деп билдиришти ишке жайгаштыруу борборунан.

 

Фото: platon.asia


×