Кожа Ахмет Яссауи күмбөзү кайра оңдоодон өтөт

Кожа Ахмет Яссауи күмбөзү кайра оңдоодон өтөт

Түркестандагы «Азрет-Султан» тарыхый-маданий музей-коругу жаңыланат. Азыр анын архитектуралык элеси ар түрдүү доорлордун бир нече маданий объекттерин бириктирүү үчүн кайра түзүлүүдө. Масштабдуу курулуш алкагында шаардын башкы тарыхый объекти – Кожа Ахмет Яссауинин күмбөзү дагы кайра оңдоодон өтөт. Азыр курулушчулар жана архитекторлор тарыхый эстеликти калыбына келтирүү үчүн биригишти. Башкы милдет – объекттин ар түрдүү маданаятты жана баалуулуктарды бириктирген жаңы көрүнүшүн сактоо.     

«Мында кадимки күлботону колдонууга болбойт. Бир кезде күмбөздү курууда колдонулган атайын аралашманы даярдаган лаборатория бар. Мындай эстеликти реставрациялоо – татаал жана көп күчтү талап кылган иш», - деди РК Маданият жана спорт министрлигинин департамент мүдүрү Күмис Сеитова. 

Музейдин куполу дээрлик толук жаңыртылган. Коррозиядан сактоо үчүн аны атайын желдетүү катмары менен капташты. Жакында күмбөздү, анан казак хандары кеңешме өткөргөн жана элчилерди кабыл алган сарай залын оңдошот. Ушул иштерди жылдын аягына чейин бүткөрүүгө убада кылышууда.

«Өз мезгилинде Амир Темир күмбөздү толук курганга жетишпей калган. Ал өлгөндөн кийин бийлик үчүн күрөш башталып, көңүл бурулбай калган. Кийинки кылымдарда күмбөздү акырындап бүтүрүшкөн. Анан ушул калыбында бизге чейин жеткен», - деп белгиледи «Азрет-Султан» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун мүдүрүнүн милдетин аткаруучу Ерсин Тажибаев.  

Кайра оңдоо иштери Түркестандын дароо 18 объектисинде жүрөт. Мындан тышкары, Кожа Ахмет Яссауи күмбөзүнө жанаша ботаникалык бак тигилет жана этноайыл түшөт. Ал эми учурда археологиялык казуулар жүргүзүлүп жаткан байыркы Күлтөбе шаары ачык асман алдындагы музейге айланат.

 

Фото: kazakhstan.travel