COVID-19 менен күрөшкөн баатырлар: Нур-Султанда дарыгерлердин сүрөтү бар билборддор орнотулду

COVID-19 менен күрөшкөн баатырлар: Нур-Султанда дарыгерлердин сүрөтү бар билборддор орнотулду

Коронавируска каршы күрөшкөн 40 ашык каарман-дарыгердин фото сүрөттөрү борбордо көчөгө илинди. Бул жөнүндө шаар акимиатынын расмий сайты билдирди. Ал сүрөттөрдөн Турсын Райд, Даурен Молдажанов, Марина Макиенко, Гайсы Нургалиев, Жазира Нубинова жана башкалардын жүзүн көрүүгө болоорун акция демилгечилери кабарлашты. Алар медиктерге татаал түйшүктүү эмгеги үчүн ушундай ыраазылык билдирүүнү чечишкен.

Жалпысынан COVID-19 менен күрөшүүгө беш миңдей дарыгер иштеп жатат. 

«Бүгүнкү күнү биздин дарыгерлердин жан аябаган эмгегин жана кесипкөйлүгүн баалоо кыйын. Ак халатчандар бир нече айдан бери коронавирус менен күрөштүн алдыңкы сабында турат. Алар жумалап жакындарынан өзүнчө жашап, балдарын, аялдарын, күйөөлөрүн, ата-энелерин көрүшө элек. Мындан тышкары, күн сайын адам өмүрүн сактоо менен күрөшүп, мекендештердин кайгы-муңуна күбө болушууда. Биздин медиктердин жан аябаган аракети менен көп адамдардын ата-энелери, аялдары жана күйөөлөрү аман калды. Алардын эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланды жана казакстандыктардын ыраазылыгына арзыды», - деп акимиаттан белгилешкен.

 

Фото: baigenews.kz