Жучи хан тарыхый-маданий комплекси жыл соңуна чейин ачылат

Жучи хан тарыхый-маданий комплекси жыл соңуна чейин ачылат

2020-жылдын аягына чейин «Жучи хан» тарыхый-маданий комплексинин курулушу аяктайт. «Kazakh Tourism» АКсынын төрагасы Ержан Еркинбаевдин айтымында, аталган объект белгилүү туристтик жай болуп калат деп күтүлүүдө. Алтын Ордонун 750 жылдыгын белгилөө алкагында Караганды облусунун Улытау районунда масштабдуу жумуштар колго алынган.

«Этнотуризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча  Улытау масштабдуу долбоорун ишке ашырууну пландап жатабыз. Бул долбоор өлкөнүн ТОП туристтик борборлорунун бири болот деп күтүлүүдө. Жылдын аягына чейин Жучи хан тарыхый-маданий комплексинин курулушу аякташы керек»,  - деди Ержан Еркинбаев.

Жучи хан комплекси - Чыңгыз хан жана анын династиясынын жер бетинде  калган жалгыз символу. Андыктан анын жанында укмуштуудай эстелик тургузулуп, күмбөз дүйнөнүн тарыхын өзгөрткөн инсанга таандык экендигин алыстан көрүүгө болот. Комплексте Жучинин урпактарына арналган көргөзмө залы, Алтын Ордо, Казак хандыгы, ошондой эле, чакан ашкана жана мейманкана салынат.

«Бул комплекстин аймагында этно-кыштак түзүү мерчемделүүдө. Туристтердин ыңгайлуулугу үчүн туристтик каттамдар уюштурулуп, кирүүчү жолдор жакшыртылат», – деди Ержан Еркинбаев.

Кайра калыбына келтирилген тарыхый комплекс саякатчылар жана изилдөөчүлөр үчүн чоң кызыгуу жаратат жана сөзсүз түрдө туристтердин көңүл ачуучу жайына айланат, дейт спикер. Бүгүнкү күндө ички жана чет өлкөлүк туристтерди тартуу максатында Улытау брендинин алкагында Касиеттүү Улытау, Хан Жолу, Теректи Аулие жана Коргондун сыры туристтик багыттары иштелип чыкты.

Келечекте Жучи хандын күмбөзү ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилет. Анткени дүйнөлүк деңгээлдеги беделдүү туроператорлор саякатчыларга сапарга чыгууда аталган эл аралык уюмдун тизмесине киргизилген эстеликтерге карап багыт беришет.

 

Фото: inform.kz