Казакстан элдер Ассамблеясы «Миң алкыш» кайрымдуулук акциясын өткөрөт

Казакстан элдер Ассамблеясы «Миң алкыш» кайрымдуулук акциясын өткөрөт

Казакстан Элдер Ассамблеясы айт күндөрү республикалык деңгээлде «Миң алкыш» кайрымдуулук акциясын өткөрөт. Өлкөдөгү улуттар менен этникалык топтор биримдигинин символу болуп калган социалдык институттун түзүлүштөрү менен этномаданий бирикмелердин бардыгы коронавирус менен күрөшүп, алдыңкы катарда жүргөн ак халатчандар жана алардын үй-бүлөлөрүнө көмөк көрсөтүп, ыраазычылык билдирет.

«Бардык мусулман коомчулугу жана казакстандыктар үчүн ыйык Курман айт майрамында жакырларга кам көрүлүп, колдоого алынат жана жакшы иштер жасалат. Улуу майрам бир туугандыкты, кайрымдуулукту жана камкордук кылууга үндөп, биримдикке жана ынтымакка чакырат. Өлкөнүн биримдигин чыңдап, тынчтыкты орнотуучу ар кандай этникалык топторду бириктирип, диндер аралык мамилелерди чыңдайт. Курман айт ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык жана ден-соолук алып келсин!», - деп айтылат КЭАнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

 

Фото: assembly.kz