«Улуулардан үлгү алабыз»: медик-студенттер коронавирус менен күрөшүүгө салым кошууда

«Улуулардан үлгү алабыз»: медик-студенттер коронавирус менен күрөшүүгө салым кошууда

Бүгүнкү күндө эпидемияга каршы күрөштүн алдыңкы катарында ак халатчан тажрыйбалуу адамдар менен бирге келечектеги дарыгерлер да бар. Борбордук ооруканада бейтаптарды айыктыруу жолунда «Астана» Медициналык Университетинин студенттери, ошондой эле, улуу муун күч жумшап келишет. Кыйын-кысталыш мезгилинде  жигердүүлүк көрсөтүп жүргөн  кайрымдуу урпактардын бири  Нуриддин Розмат. «Педиатрия» адистиги боюнча интернатынын бүтүрүүчүсү, Нур-Султан шаардык көп профилдүү инфекциялык оорулар борборунда жугуштуу оорулар боюнча дарыгердин жардамчысы болуп иштейт. Түркестан облусунун тургуну, ал дарыгер адистигин 7 жыл изилдеген. Быйыл 25 жаштагы адис университеттин резидентурасында билимин жогорулатууну мерчемдеп жатат. Келечекте алган билими менен тажрыйбасын балдардын саламаттыгын жакшыртууга жумшай турганын айтат.

«Биз күн сайын эртең мененки саат сегизде жумушка келебиз. Дарыгерлер менен биргеликте биз бөлмөдө жумуш кийимибизди кийип, негизги ишибизди баштайбыз. Биринчиден, биз бейтаптарды көрүп, алардын абалын билебиз. Саат тогузда колубузда бейтаптардын оорусу боюнча кагазы болуш керек. Ар бир бейтаптын жүрөгүнүн согушун өлчөө маанилүү. Дене-табы көтөрүлдүбү же жокпу билебиз. Андан кийин күндөлүктү толтуруп, бейтаптын түнү кандай өткөнүн жазабыз. Андан кийин бөлүмдүн башчысы менен кеңешип, дарыгерлер дарылоо боюнча сунуштарды беришет. Тажрыйбалуу кесиптештер билген нерселери боюнча бөлүшүп турушат. Мен дарыгерлик жолду тандап,  ушул кызматта жүргөнүмө кубанычтамын. Дарыгерлик менен сыймыктанам», - дейт жаш адис.

Ошондой эле, Нуриддин билимине болгон ишеними жана тандаган адистигине абдан жоопкерчилик менен мамиле кылууга үйрөнгөнүн билдирди.

«Мага жазында COVID-19 диагнозу коюлуп, айыгып чыктым. Эки жума дарыланып, анан өзүнчө обочолондум. Эң негизгиси, менин туугандарым илдеттен тыш. Мен эң татаал ишимде ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү болууну үйрөндүм. Медициналык окуу жайлардын студенттерине айтаарым: Биз кыйынчылыкка карабай, алдыга жылышыбыз керек. Эң негизгиси өз иш-аракеттерибизге ишенимдүү болсок, анда бардыгын жасай алабыз. Мен дарыгерлерге алардын оңой эмес ишинде ийгиликтерди каалайм, оорубашын тилейм», -  дейт Нуриддин Розмат.

Анын айтымында, азыр жүздөгөн студент иш-жүзүндө практика өтөп, тажрыйба топтоп жатышат. Эң негизгиси алар улуттун саламаттыгы үчүн күрөшүп, жардамга муктаж адамдарга көмөктөшөт.