БУУ Башкы катчысы шаар турмушун жакшыртып, өзгөртүүгө чакырды

БУУ Башкы катчысы шаар турмушун жакшыртып, өзгөртүүгө чакырды

Коронавирус катталган учурлардын болжол менен 90%га жакыны шаарларда. Бул негизинен калктын жыш жайгашкандыгы эле эмес, шаардын жашоосу, адамдардын жашоо образы, иштеген жери жана иш-аракеттери менен байланыштуу. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирди. Бүгүнкү күндө дүйнө калкынын 55%дан ашыгы шаарларда жашайт. Шаар тургундарынын болжол менен  24 пайызы тыгыз отурукташкан, жөнөкөй санитардык-гигиеналык шарт жок райондордо тиричилик өтүүдө деп айтылган уюмдун жаңылыктар сайтындагы маалыматта.

«Негизги жүк шаарга түштү. Алардын көпчүлүгүндө саламаттык сактоо системасы, суу менен камсыз кылуу, санитария жана башка толтура көйгөйлөр бар. Шаардын дүйнөсүн кайра карап чыгып, өзгөртүүгө мезгил келди. Учурдагы калыптанган кырдаалга көнүп калган учур келди», - деп маалымдады БУУнун Башкы катчысы.

Антониу Гутерриш үч багытта иш алып барууну сунуштайт: шаардагы теңсиздикти азайтуу, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жарандардын дараметин күчөтүү жана бардыгы үчүн туруктуу жана акыйкат өнүгүү үчүн шарт түзүү.

Ошондой эле, Башкы катчы COVID-19 айлана-чөйрөгө глобалдык деңгээлде оң таасирин тийгизгенин белгиледи. Өзгөчө кырдаалдарда ар кандай чектөөчү чаралардын натыйжасында айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыккан уулуу заттардын көлөмү азайды. Бириккен улуттар уюмунун Европадагы экономикалык комиссиясынын отчётуна ылайык, өткөн бугу айында Барселона, Милан, Лондон жана Париж шаарларында парник газдарынын бөлүнүп чыгышы кескин төмөндөгөн.

Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн шаар бийлиги айлана-чөйрөнү коргоону каржылоону көбөйттү жана жашыл долбоорлорду ишке ашырууну колго алды.

 

Фото: unaids.org


×