Казакстанда коронавирус менен күрөшүүгө катышкандарга үстөк акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилди

Казакстанда коронавирус менен күрөшүүгө катышкандарга үстөк акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилди

Баш оона айынын үчүнөн баштап коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча иш-чаралардын алдыңкы катарында жүргөн ак халатчандар үчүн жаңы бонустук система күчүнө кирет. COVID-19 эпидемиясына каршы иш-чараларга катышкан медициналык кызматкерлерге ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар: 1. Кооптулугу өтө жогору тобуна  минималдык эмгек акынын (ЖТМ) 20 өлчөмүн түзөт; 2. Кооптуулугу жогору медициналык кызматкерлерге жөлөкпул 10 ЖТМ; 3. Кооптуулугу орточо топтогуларга жөлөкпул - 5 ЖТМ түзөт деп айтылат Казакстандын Премьер-министри Аскар Маминдин 2020-жылдын теке айынын 23дөгү №471 Токтомунда. Эрежелер үстүбүздөгү жылдын чын куран айынын биринен тартып келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонула турганы белгиленди. Жардам акыны белгилөө тартибин саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган аныктайт.

Бүгүнкү күнгө чейин COVID-19 менен ооруган 113 медициналык кызматкер 2 миллион тенге өлчөмүндө бир жолку төлөм акы алышты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди.

Министрликке Социалдык камсыздандыруу фондунан төлөө үчүн жалпысынан 123 арыз келип түшкөн. Аймактар боюнча эң көп арыз Алматыдан - 46, Алматы облусунан - 38 жана Түндүк Казакстан облусунан - 10 арыз келип түшкөн.

«Калган 10 арыз боюнча фактыларды ССМ кошумча текшерүүдө. Такталган маалыматтарды сунуштагандан кийин бул медицина кызматкерлерине дароо төлөм акы даярдалат»,- деп атап өттү эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри.

Эске салсак, Казакстан Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министри менен Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин чын куран айынын 9дагы саламаттык сактоо уюмдарынын илдетке каршы күрөшүү боюнча аталган инфекцияны жуктурган же андан көз жумган учурда аларга бир жолку социалдык төлөмдөрдү ишке ашыруу принциптерин  бекитүү тууралуу биргелешкен буйрукка үстүбүздөгү жылдын теке айынын 22деги  киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык:

- коронавирустук инфекцияны же вирустук пневмонияны жуктурган медициналык кызматкерлер үчүн - 2 миллион теңге;

- COVID-19 коронавирус инфекциясынан, вирустук пневмониядан каза болгон учурда, алардын үй-бүлөсүнө 10 миллион теңге төлөнөт.

 

Фото: liter.kz