Казакстанда кыска метраждуу фильмдердин фестивалы өтөт

Казакстанда кыска метраждуу фильмдердин фестивалы өтөт

Казакстанда экинчи жолу «Mobile Blockbuster Film festival» кыска метраждуу фильмдер сынагы өтөт. Аты айтып тургандай, кыска жана нуска тасма уюлдук телефондун камерасына тартылышы керек. Быйылкы фестивалдын темасы: Убакыт унаасы. Долбоор жетекчилери катышуучуларды көрсөтүү форматы, сюжет жана фильмдердин жанры боюнча чектебейт. Эң негизгиси кыска метраждуу эмгектер тандалган темага дал келсе жана абдан креативдүү ойлонуштурулганы жетиштүү болот.

«Бул сынак бардыгыбыз карантинде экендигибизге карабастан эң батыл идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Менин оюмча, бул фестиваль казакстандыктарды шыктандырып, алардын дараметин чыгармачылыкка багыттоого көмөктөшөт», – дейт режиссёр Аскар Узабаев.

Фильм эң аз бир мүнөт жана эң көп 12 мүнөткө созулушу керек. Эң мыкты чыгарманын автору баш байгеге смартфон алат.

Ошондой эле, фестиваль алкагында жума сайын эки ай бою онлайн-форматта Казакстан жана Орусиянын белгилүү кинематографисттеринин акысыз мастер-класстары өтөт.

«Бүгүнкү күндө биздин долбоор эл аралык кинофестивалдардын каталогуна кирди. Ошондуктан сиздерден кызыктуу фильмдерди чыдамсыздык менен күтөбүз», - деди сынактын продюсери Олеся Колесниченко.

Фильмдерди кабыл алуу баш оона айынын 15нен баштап, тогуздун айынын 15не чейин уланат.

 

Фото: businessfm.kz