Нур-Султан шаарынын 3D картасы иштелип чыгууда

Нур-Султан шаарынын 3D картасы иштелип чыгууда

100дөн ашык адис Нур-Султан шаарынын 3D картасын түзүп жатат. Борбордогу имараттарды жана коммуналдык кызматтарды санариптештирүүгө алыстан көз салуу, аэрофотография, картография, фотограмметрия, маалыматтык технологиялар тармагындагы адистер тартылган. Шаардык архитектура, шаар куруу жана жер мамилелери башкармалыгынын маалыматы боюнча, 3D картасын кийинки жылдын аягына чейин өткөрүп берүү мерчемделүүдө.

«Шаардын 3D картасы менен инженердик желелерди санариптештирүү жумушу 3 этаптан турат. Биринчи этап - шаардын 2D картасын түзүү, андан кийин 3D картасын иштеп чыгуу жана үчүнчү баскыч - инженердик кызматтардын картасын даярдоо. Бул багыттагы жумуштар ушул жылдын кулжа айынын 10да башталып, 2021-жылдын бештин айынын 31де аяктайт», - деп айтылат маалыматта. 

Мекеменин маалымдашынча, санариптештирүү жана 3D жумуштарына ата мекендик адистер толугу менен тартылат. Атап айтканда, KazAeroSpace ЖЧК имараттарды жана инженердик желелерди санариптештирүүгө жооптуу жана бардык жергиликтүү адистерди тартат. Бул жооптуу уюм фотограмметрия илиминин негизинде шаардын картасын иштеп чыгат. Ал технологиянын патенти жана автордук укугу бар.

Ошондой эле, башкармалык шаардагы инженердик желелер менен байланышкан көйгөйлөрдү белгилеп өттү.

«Бүгүнкү күндө шаардын инженердик тармагынын негизги көйгөйү - координаттар картага туура жайгаштырылбаганы. Андыктан жер астындагы жумуштар учурунда инженердик желелерге зыян келтирүү коркунучу бар. Бул көйгөйдү чечүү үчүн инженердик тармактардын бирдиктүү картасы болушу керек. Бул карта коммуналдык кызматтардын, шаар акиматынын жана башка кызыктар тараптардын иш жүрүшүндө керек», - деп кабарлайт башкармалык.

 

Фото: finance.kz


×