Өлкөгө келген гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат сайтка жүктөлөт

Өлкөгө келген гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат сайтка жүктөлөт

Гуманитардык жардамды, медициналык мекемелерге жеткирилген дары-дармектер жөнүндө маалыматты жайылтуу жараяны коомчулук үчүн ачык болот. Бул чөйрөдөгү бардык маалыматты компаниянын СК-Фармация сайтынан Элдик көзөмөл бөлүмүнөн көрүүгө болот.

«Бардык тиешелүү маалыматтар күн сайын ушул бөлүмдө жаңыртылып турат. Мекемелерде коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө иштеген оорукананын медициналык кызматкерлери үчүн керектүү жеке коргонуу шаймандарын, дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды тез арада сатып алуу үчүн гуманитардык жардамга жооптуу адамдардын тизмеси түзүлдү», - деп айтылат компания тараткан маалыматта.

Ошондой эле, компаниянын алдында жараяндын айкындыгын камсыз кылуу максатында коомдук кеңеш түзүү мерчемделүүдө.

 Эске сала кетсек, СК-Фармация гуманитардык жардамды кабыл алуунун бирден-бир оператору катары бардык келген гуманитардык жардамды кабыл алат жана бөлүштүрөт. Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча медициналык уюмдардын ортосунда медициналык буюмдарды бирдей бөлүштүрүүгө уруксат берет жана кайрымдуулук товарларын өлкөнүн медициналык уюмдарына жеткирүүнү камсыз кылат.

Казакстанда карантин жарыяланган күндөн бери өлкөгө Кытай, Жапония, Түркия, Индия, Пакистан, Катар, Өзбекстан, Орусия жана бир катар ири чет өлкөлүк компаниялардан гуманитардык жардам жөнөтүлүп, бардык медициналык шаймандар жана дары-дармектер аймактарга бирдей бөлүштүрүлдү.

 

Фото: almaty.tv