Быйыл Курман айт намазы окулбайт

Быйыл Курман айт намазы окулбайт

Мусулман коомчулугу үчүн улук майрамда Казакстандын мечиттеринде Курман айт намазы окулбайт. Бул тууралуу Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, башкы муфтий Наурызбай Ажы Таганулы онлайн-брифингде билдирди.

«Быйылкы курман айт намазы Уламалар кеңешинин чечими менен теке айынын 31не, баш оона айынын 1-2-күндөрүнө туура келет. Бирок өлкөдө карантин мөөнөтү баш оона айынын 2не чейин узартылгандыгына байланыштуу өлкө боюнча мечиттер жабык болот. Буга байланыштуу теке айынын 31де курман айт намазы окулбайт», - деди Башкы муфтий.

Башкы муфтий касиеттүү күндөр менен айларда адам баласынын купуя жасаган жакшылыгы менен батасы кабыл боло турганын кошумчалады.

«Бул күндөрү орозо кармоо, зекет берүү, оорулуу адамдарга дары-дармек берүү, карыларга жана жетимдерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам берүүнүн сообу мол. Аллах Таала бардыгыбызга чалган курмандыктарыбыздын, берген садакаларыбыздын жана жакшы амалдарыбыздын сообун насип этсин», - деди Наурызбай ажы Таганулы.

Ошондой эле, башкы муфтий онлайн түрдө курмандык чалуу тутуму ишке кошулганын билдирди. Анын айтымында, бул тутумдун негизги өзгөчөлүгү - курмандык этинин үчтөн бири адаттагыдай чалган адамга эмес, толугу менен муктаж адамдарга таратылып берилет.

«Быйыл биринчи жолу Курбан айттын алдында эл аралык тажрыйбанын негизинде аралыктан курмандык чалуу долбоорун баштадык. Бул максатта qurban2020.kz сайты ачылып, бүгүнтөдөн баштап 24 саат бою иштей баштайт. Теке айынын 30на чейин онлайн буйрутмалар кабыл алынат. Ар бир адам онлайн түрдө курмандык чалууга буйрутма бере алат», - деди Наурызбай ажы Таганулы.

 

Фото: egemen.kz