#АпаБетКапТагындыңызбы челленджи - Казнеттеги жаңы тренд

#АпаБетКапТагындыңызбы челленджи - Казнеттеги жаңы тренд

#АпаБетКапТагындыңызбы. Дал ушундай хештеги бар роликтер акыркы учурда социалдык тармактарда байма-бай пайда боло баштады. Эки күндүн ичинде 100дөн ашык колдонуучу өз баракчаларына бет кап тагынып, жөнөкөй билдирүү жазышты.

Эске салсак, чакырыктын демилгечиси «Жаш Улан» балдар жана жаштар уюмунун төрайымы Динара Садуакасова. Ошентип, ал энелерибизди, аталарыбызды жана жакындарыбызды өздөрүнө кам көрүүгө жана коркунучтуу жугуштуу оорудан сак болууга чакырат. Бул жакшы иш-чараны колдогондор да аз эмес. Борбор калаа акимчилигинин сайтында кабарлангандай, бул демилгеге «Жаш аскер» аскер-патриоттук кыймылынын борбордук бөлүмү да кошулду.

«COVID-19 эпидемиясы эч кимди аябайт. Ушул оор мезгилде бири-бирибизди колдошубуз керек. Сиз менен биз үчүн жакындарыбыздын ден-соолугу абдан маанилүү. Эне - бул өмүрдүн гүлү, үй-бүлөнүн куту. Бардык адамзаттын тарбиячысы. Буга байланыштуу бардык казакстандыктар Жаш Улан республикалык уюму уюштурган #АпаБетКапТагындыңызбы деген чакырыкка катышууга чакырабыз», – дейт «Жаш аскер» кыймылынын Нур-Султан шаардык бөлүмүнүн төрагасы Асхат Налшыбек.

Уюштуруучулардын айтымында, челленджге катышууну каалагандар апасы менен бирге маска тагынып сүрөткө же видеого түшүп, аны #АпаБетКапТагындыңызбы хештеги менен социалдык тармактарга жарыялап, @jasulan_qz баракчасын белгилөөгө тийиш.