Ички туризм: карантин учурунда кайсы жакка барып эс алса болот?

Ички туризм: карантин учурунда кайсы жакка барып эс алса болот?

Кызгылт көлү жана Актау пляждарынын артынан Акмола облусунун курорттук аймактары карантинге жабылат. Жай мезгилинде чет жакка агылууну адат кылган казакстандыктар пандемиядан улам азыр өлкө ичинде да эс алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууганы турат. Бүгүнкү күндө туристтерге толгон Бурабай эртеңки күндөн баштап келүүчүлөр үчүн жабык болот. Дале болсо өлкөдөгү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жаткан эс алуучулардын бири, борбор калаанын тургуну Инесса. Ал үй-бүлөсү менен Шортанды көлүнүн түштүк-батыш жээгинде эс алууда. Анын айтымында, бул жерде туристтер көп эмес. Эс алуучулар кырдаалды түшүнүп, жөнөкөй коргоо чараларын колдонууга аракет кылышууда, дейт ал.

«Бул жерде Бурабайдагыдай туристтер көп эмес. Бардык жерлер керектүү коргоо шаймандары менен жабдылган. Бардык эс алуучулар бет кап тагынып, социалдык аралыкты сакташат», - дейт Инесса.

Ал эми Бурабай курортундагы мейманканаларда бош орундар жок. Эс алуучулар өлкөнүн бардык булуң-бурчунан келишет. Ал жердеги ишкерлер жогорку суроо-талапты колдонуп, бааларды көтөргөн жок, дейт Инесса.

«Тамактануу менен бирге 8 миң тенгеге уктай турган жай табууга болот. Кайык сыяктуу кызматтар бар. Негизинен кооз жаратылышта сейилдеп жүрүүгө болот», - деп билдирди Инесса.

Актаунун коомдук пляждары да карантинге жабылды

Карантин учурунда пляждар менен кошо аквапарктары да жабык болот. Актауда облустун башкы санитардык дарыгеринин буйругу менен пляждарда беш окшош текшерүү пункту орнотулган. Курорттук шаарда эс алып кайткандардын бири Алекса Шев.

«Тилекке каршы, Актауда санитардык талаптар эске алынбайт. Мейманканаларда, пансионаттарда, дүкөндөрдө, бассейндерде жана коомдук жерлерде санитардык тазалоочу каражаттар жок. Жөнөкөй сактык чараларына адамдар өздөрү кайдыгер карашат», - дейт Алекса.

Ошондой эле, Aлекса Актаудагы ресторандар жык толуп, баарында бирдей маска тагынуу талабы коюлбайт. Пляждарда гана сактык чаралары салыштырмалуу көрүлүп жатканын айтат.

Алматы облусундагы Алакөлдө эс алуучулардын катары 50% азайды

Ушул сезондун башынан бери Жетису берметине 200 миңден ашык турист келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда эки эсе аз, дешет адистер. Экинчи жагынан, чыгыш жээкте келгендердин саны өсүүдө. Азыр борбор калаадан келген Айгүл Сагындыкова ал жакта эс алууда. Ал каналга эс алуудагы таасирлери менен бөлүштү.

«Бул жерде адамдар көп. Официанттар бет кап тагынып жүрүшөт. Бирок эс алуучулардан андайды көрө алган жокмун. Бирин-серин гана болбосо.  Баалары да ыңгайлуу. Жатуучу бөлмөлөрдүн баасы болжол менен суткасына 5 миң тенгенин тегерегинде. Аквапарк, парктар, аттракциондор, скутерлер, кайык, катамаран алуу кызматтары иштеп жатат», - дейт Айгүл Сагындыкова.

Чектөө чараларына карабастан өлкөнүн туристтик аймактарына болгон эс алуучулардын агымы дале өсүүдө. Адистер эл көп чогулган жерлерге барбоого кеңеш беришет. Эскертүүгө көңүл бурбай, табият койнунда эс алып жаткан адамдар болгон шартта  коопсуздук чараларын катуу сакташ керек. Бул кооптуу илдетти жуктурбоонун камы, дешет адистер.

 

Фото: baigenews.kz


×