БУУ: СОVID-19 дүйнөдөгү ар бир бешинчи адамды жумушсуз калтырды

БУУ: СОVID-19 дүйнөдөгү ар бир бешинчи  адамды жумушсуз калтырды

COVID-19 илдетинин кесепетинен дүйнөдөгү ар бир бешинчи жаш жаран  жумушсуз калды. Каатчылыкка чейин 29 жашка чейинки 178 миллион адам пандемиядан жапа чеккен тармактарда - чекене соода жана туризмде иштеген. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, алардын 77 пайызы мыйзамсыз иштеген болушу мүмкүн.

Ошондой эле, пандемия жаштардын билим алуу жараяны менен адистерди даярдоо жагына да олуттуу таасирин тийгизген. БУУнун өкүлдөрүнүн айтымында, тез арада чара көрүлбөсө маселе ондогон жылдарга созулуп кетиши  мүмкүн.

«Акыркы 20 жылда дүйнөдөгү жаштардын 20 пайызы жумушсуз жүрөт жана кесиптик билим албай келишкен. Коронавирус эмгек рыногундагы кырдаалды ого бетер курчутту. 15 жылдын ичинде жаштар үчүн 600 миллион жумуш ордун түзүүнү мерчемдеген элек. Пандемия башталганга чейин ал толугу менен ишке ашпай келген. Азыркы кырдаалда албетте, бул көрсөткүчтөргө жетишүү кыйынга турат», - деди БУУнун башкы экономисти Эллиот Харрис.

Орусияда илдетке байлыныштуу жумушсуздук чын куран айынан бери 3,5 эсеге өстү. Бул тууралуу  премьер-министр Михаил Мишустин Мамлекеттик Дума депутаттарынын алдында маалымдады.

Мишустиндин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 3 миллионго жакын адам жумушсуз жүрөт. Премьер-министр коронавирус эмгек рыногун түп-тамырынан бери өзгөрткөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, ушул убакытка чейин Орусия Федерациясында 787 миң 890 адамда COVID-19 илдети тастыкталган. Каза болгондордун саны 12 миң 726га жетти.

Германияда пандемия башталгандан бери 640 миң адам жумушсуз калды. Өлкөдө 2,85 миллион жумушсуз адам бар. Премьер-министр Детлеф Шеленин айтымында, эмгек рыногун калыбына келтирүү үчүн кеминде үч жыл талап кылынат. Германиядагы жумушсуздардын саны 3 миллиондон ашпашы керек, деди ал.

Жалпысынан Германиядагы коронавирустук инфекциянын саны 204 миң 200дөн ашты. 9,1 миңден ашуун бейтап эпидемиянын курмандыгы болду.

Ал эми Швейцарияда Федералдык Кеңеш кыскартылган иш графигине өткөн кызматкерлерге акчалай компенсация төлөө мөөнөтүн 12 айдан 18 айга чейин узартууну чечти. Ошентип, өкмөт жумушсуздуктун деңгээлин көтөрбөөгө ниеттенүүдө. Жеке ишкерлердин айрылган киреше булактарын толтуруу укугу аяк оона айынын орто ченине чейин узартылат.

Пандемия федералдык бюджетке терс таасирин тийгизүүдө. Федералдык Кеңеш бир миллиард франк тартыштыгы менен 2021-жылга бюджетти бекитти. Бирок таңсыктык андан да көп болушу мүмкүн.

Федералдык Кеңеш коомдук транспорттун жана темир жол жүк ташуучу компаниялардын чыгымдарын жабуу үчүн 800 миллион франк бөлдү.

Жалпысынан Швейцарияда 33 миң 883 адам ооруга чалдыкса, 1872 адам көз жумган.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 188 мамлекетте 15 миллион 230 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды. Мындан тышкары, пандемия башталгандан бери 623 миң 400дөн ашуун бейтап вирустун айынан көз жумду. 8 миллион 644 миң адам COVID-19 илдетин жеңип чыкты.

Дүйнө жүзү боюнча вирус жуктуруу жана өлүм-житим фактысы боюнча Америка Кошмо Штаттары дале болсо антирейтингдин көч башында. Бүгүнкү күндө бул жерде 3 миллион 970 миңден ашык адам ооруну жуктуруп алган.

 

Фото: careerist.ru