Казакстандык тез татым ээлери ысык нан бышырып, муктаждарга бекер таратышууда

Казакстандык тез татым ээлери ысык нан бышырып, муктаждарга бекер таратышууда

Пандемия учурунда казакстандык ишкерлер өлкөдөгү ыктыярдуу кыймылга кошулушту. Кыйын-кысталыш мезгилде четте карап отура албаган ишкерлер бизнесин өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн колдонууну туура көрүшкөн. Кайрымдуу адамдар Улуттук ыктыярчылар тармагы тарабынан ачылган ишеним телефонуна чалып, өз жардамдарын сунуштап жатышат. «Улуттук ыктыярчылар желеси» ЗТБ төрагасы Вера Ким онлайн брифингдин жүрүшүндө ыктыярчылардын аткарып жаткан изги иштери  менен бөлүштү.

«Бизге эт нан жасаган адамдар көп коңгуроо кылышат. Өзгөчө кырдаал учурунда алар ысык нандын көп бөлүгүн бышырып, муктаж болгондорго бекер таратып жүрүшөт. Алар негизинен кооптуу топтогу кары-картаңдар, көп балалуу үй-бүлөлөр, майыптар жана багуучусунан айрылган жалгыз бой адамдар», - дейт Вера Ким.

Ошондой эле, ал пандемия учурунда өлкөдөгү чарбалардын жетекчилери жардам берүүгө даяр экендигин кошумчалап өттү. Активдүүлүгүн көрсөткөн айылдын эмгекчилери картошка жана пияз сыяктуу өздөрү жыйнаган түшүмдөрүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратып жатышат. Мындай жакшы иштер дале улантылып келүүдө.

«Көптөгөн адамдардын балдары жана туугандары Казакстандан башка өлкөлөргө чыгып кеткен. Биздин ыктыярчылар мындай адамдарга жардам берип, дарыканага, дүкөнгө барып керектүү буюмдар менен камсыз кылып турушат. Албетте, бул жардам жүзмө-жүз эмес, аралыктан көрсөтүлөт», - дейт Вера Ким.

Бүгүнкү күндө ыктыярчылар кыймылына кошулам деген казакстандыктардын саны артып келет. Өлкө жарандары негизинен азык-түлүк менен дары-дармекке муктаж болуп жатат, дейт Вера Ким.

 

Фото: kazpravda.kz