Курман айт теке айынын 31 жана баш оона айынын 1-2 күндөрүнө белгиленди

Курман айт теке айынын 31 жана баш оона айынын 1-2 күндөрүнө белгиленди

Бүгүн бардык мусулмандар үчүн ыйык Зул-Хижжа айы башталды. Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын маалыматы боюнча, ушул күндөрү ибадат кылуу жана андан дагы жакшы иштерди жасоо сунуш кылынат. Ал эми теке айынын 31де жана баш оона айынын 1-2 күндөрү Курбан айт деп белгиленди.

Быйыл Курбан айт майрамы пандемияга байланыштуу жарыяланган карантинге туш келди. Ошондуктан диний башкарма ыйык күндөрдө мүмкүн болушунча көп кишинин чогулбоосун караштырып жатат. Мисалы,  курмандык чалуу үчүн онлайн буйрутма берүү уюштурулат. Бул үчүн атайын сайт ачылат. Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда платформанын ишине байланыштуу техникалык маселелер чечилип жатат.

«Буйрутма берүүчүгө жүргүзүлүп жаткан иштин жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берилет. Эң негизгиси, пандемия учурунда үйдөн чыкпоого, адамдар менен байланышпоого жана интернетте курмандык чалууга мүмкүндүк берилет», - деп кабарлады башкармадан.

Сайттын негизги артыкчылыктарынын бири - бул жерде курмандыкка чалынуучу малдын баасы көрсөтүлөт. Тандалган малдын эти муктаж адамдарга таратылат. Өтүнмөнү Qurban2020.muftyat.kz сайтына жиберүүгө болот.

«Курман айт күндөрү курмандык чалбастан акча берүү туура эмес. Бирок эгерде сатып алган курмандыгын айт күндөрү чала албаса, аны тирүүлөй садака кылат. Эгерде курмандыкты союп койгон болсо, анда бардык эт муктаж адамдарга таратылат, андан өзү эч нерсе жебейт. Анткени убакыттын өтүшү менен курмандык милдети садака түрүнө алмашат. Эгер курмандыкты сатып ала элек болсо, анда курмандык баасы өлчөмүндө садака кылат», - делинген Казакстан мусулмандары дин башкармалыгы тараткан маалыматта.

 

Фото: Ummet.kz


×