Көбейтуз жана лотос окуясы: жаратылышка зыян келтиргендер жазасыз калбайт

Көбейтуз жана лотос окуясы: жаратылышка зыян келтиргендер жазасыз калбайт

Казакстандын кооз жаратылышы өлкөнүн негизги байлыктарынын бири болуп саналат. Бирок табигый эс алуу аймактарында жарандардын массалык маданиятсыздыгы токтобой жатат. Алматыдагы тазалыктын жана кооздуктун символуна айланган ажайып өсүмдүк аянтына келүүчүлөрдүн катары калың. Адамдар көлмөдө өскөн гүлдөрдү жулуп, сүрөттөрдү социалдык тармактарга жайгаштырууну жакшы көрүшөт. Буга байланыштуу Алматыдагы Первомай көлмөсүндөгү сейрек гүлдөрдү үзгөн тургундарды жазалоо маселеси каралууда.

Адистердин айтымында, мындай укук бузууларга Казакстан Республикасынын административдик укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 386-беренеси (жашылдандыруу иштерин бузуу) боюнча айып салынат. Эгерде лотос Казакстан Республикасынын Кызыл китебине киргизиле турган болсо, аны жулган адам жоопко тартылышы мүмкүн.

Мекендештердин акыркы учурда көйгөйү көп айтыла баштаган Көбейтуз көлүнө келтирген зыян да чоң. Маселен, кызгылт түстүү Көбейтуз көлүнө автоунаасы менен кирип кеткен адамдын сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. Акмола облусунун полициясы айдоочуну кармап, ага Административдик Кодекстин эки беренеси боюнча айыпка тартты.

Аны менен катар, полиция кызматкерлери жарандарды санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырышты.

Ал эми экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги Көбейтуздун булганышына жана аз өлчөмдө табигый туздун ташылып кетишине байланыштуу тынчсызданып жатат. Экологдор суунун сапатын текшерүү үчүн үлгүлөрдү алышты. Мындан тышкары, Көбейтуз көлүнөн туз жана баткак алган адамдар жоопко тартылат.

Андан сырткары, Көбейтуз көлү 49 жылга рекреакциялык максатта  ижарага берилбей турган болду. Бул тууралуу Акмола облусунун жаратылыш ресурстары жана экологиялык жөнгө салуу башкармалыгынан маалымдашты. Облустук башкармалыктын айтымында, буга чейин жарыяланган сынактын биринчи пункту алынып салынган.

«Акмола облусунун жаратылыш ресурстарын жана айлана-чөйрөнү жөнгө салуу башкармалыгы рекреация максатында ижарага берүү боюнча тендердик тизмедеги Көбейтуз көлүн суу объекттеринин тизмесинен алып салды», - деп айтылган башкарма кабарлоосунда.

Маселенин түйүнүн чечүүгө Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев да үн катты. «Мекендештердин өзгөчө кызгылт түстөгү «Көбейтуз» көлүнө келтирилген зыянына байланыштуу тынчсызданып жатканы орундуу», - деп жазды Президент Twitterдеги баракчасына.

«Мындай терс аракеттер жаш муундун экологиялык билим берүүдөгү көйгөйлөрүн ачып берди. Билим берүү, экология жана маалымат министрликтери бул маселени иштеринин артыкчылыктуу багыты катары эсептеши керек», - деди Президент.

 

Фото: tengrinews.kz