Медицина кызматкерлеринин балдарына арналган таанып-билүүчүлүк долбоор колго алынды

Медицина кызматкерлеринин балдарына арналган таанып-билүүчүлүк долбоор колго алынды

Домбра, фортепиано, скрипка, гитара, эстрадалык ырдоо, сүрөт тартуу, актёрдук чеберчиликти үйрөнүү. Эркин күрөш, классикалык күрөш, дзюдо, гимнастика, бокс, таэквондо. Эми медициналык кызматкерлердин балдары жайкы каникул учурунда пайдалуу бош убакыт долбоорунун алкагында окуй алышат. Ага 9 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр катыша алат, деп билдирет «Казакконцерт» Мамлекеттик концерттик уюмунун басма сөз кызматы.

«Пандемия бизге медицина кызматкерлеринин эмгегин ого бетер баалоого үйрөттү. Ак халатчандардын көпчүлүгү өз өмүрүн тобокелге салып, адам өмүрүн сактап калуу үчүн алдыңкы катарда жүрүшөт. Алар дале болсо убактыларын өз үй-бүлөлөрү менен өткөрө алышпайт. Бул өз кезегинде медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрү жана балдары үчүн оңой эмес. Дарыгерлер кырдаалга байланыштуу балдардын өнүгүшү жана тарбиясы менен алектенишпейт. Буга байланыштуу Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги жайкы эс алуу мезгилинде балдардын билим алуусуна арналган Пайдалуу бош убакыт долбоорун колго алды. Бул балдарга жаңы билим алуусуна жана онлайн режиминде өзүн-өзү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет», - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында балдардын жана ата-энелердин ыңгайлуулугу үчүн жаңы https://taplink.cc/mcs.govrk платформасы түзүлдү. Долбоорго катышуу үчүн балдар кыска анкета толтуруп, координаторлордун жардамы менен сабак график ала алышат.

«Жаңы билим берүү долбоору карантин учурунда балдардын аң-сезимин кеңейтип, алардын руханий азыктануусуна жана пайдалуу эс алуусуна чоң салымын кошот. Пайдалуу бош убакыт долбоору үйдө балдардын сапаттуу жана керектүү билим алышына өбөлгө түзгөн медициналык кызматкерлерди колдоонун пайдалуу жолу болмокчу», - деп кабарлайт басма сөз кызматы.

 

Фото: inform.kz