Коронавирус менен күрөш майданында жүргөндөргө таазим: борбордо эстелик орнотулат

Коронавирус менен күрөш майданында жүргөндөргө таазим: борбордо эстелик орнотулат

Өлкөнүн баш калаасында эпидемияга каршы күрөштүн алдыңкы чебинде жүргөн адистерге арналган эстелик орнотулат. Долбоордун автору, скульптор - Ринат Абенов. Жумушу аркылуу ал кооптуу аймакта талыкпай иштеген дарыгерлерге, полиция кызматкерлерине жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирүүнү туура көргөн. Анын айтымында, эстеликти түзүү идеясы жөн жерден келип чыккан эмес. Себеби, бүгүнкү күндө дүйнө COVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жатат.

«Бул жерде мен бийик рельефте жети аллегориялык фигураны, коронавируска каршы күрөштүн алдыңкы катарында жүргөн адистерди көрсөттүм. Мында полиция кызматкерлери, дарыгерлер, аскер кызматкерлери, илимпоздор бар. Бул жерде алар дары-дармек жасап жатышса, мында полиция, ЖМК өкүлдөрү менен ыктыярчылар да көңүлдөн тыш калган жок», - дейт автор.

Колодон куюлуп, бийиктиги 10 метр болгон көп фигуралуу композиция мамлекеттик комиссиянын кароосунда. Жыйынтыктар жарыялангандан кийин, айкел Уалиханов жана Бараев көчөлөрүнүн кесилишине орнотулат.

 

Фото: 24.kz