1 миллиондон ашык жаран азык-түлүк жана турмуштук керектөөлөр үчүн өкмөттөн төлөм алат

1 миллиондон ашык жаран азык-түлүк жана турмуштук керектөөлөр үчүн өкмөттөн төлөм алат

Ушул жылдын теке айында Казакстан Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде тамак-аш жана үй тиричилик буюмдары үчүн каражат төлөөнү көздөгөн буйрук иштелип чыгып, кабыл алынды. Казакстандыктар үстүбүздөгү жылдын теке айынын ​​20нан тартып айдын аягына чейин төлөмдөрдү ала башташат, деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы. Коронавирустук инфекциянын жуктуруу коркунучун азайтуу максатында түздөн-түз байланышты болтурбоо үчүн азык-түлүк жана турмуштук буюмдарга арналган каражат дароо банктык карталарга которулат.

Ошентип, 1 миллиондон ашык адам 2 АЭК өлчөмүндө, башкача айтканда, 5,5 миң тенге өлчөмүндө төлөм алышат. Алар кимге берилет? Төлөм 5 социалдык топко кирген жарандарга жүктөлөт. Атап айтканда, социалдык жардам алуучулар болуп 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар, 16 жашка чейинки майып балдар, медициналык жана социалдык мекемелерде туруктуу жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды кошпогондо  I, II, III топтогу бардык ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, аларды тарбиялап отурган адамдар, жумуш менен камсыз кылуу маселелери боюнча жергиликтүү органда катталган жумушсуз жарандарга берилет.

Эске сала кетсек, теке айынын 14дө Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине казакстандыктарга тамак-аш жана тиричилик буюмдары үчүн акчалай каражат төлөөнү баштоону тапшырган.

Буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырган. Кирешесиз калган казакстандыктарды колдоо үчүн жөлөк пулдар, бир жолку төлөмдөр жүргүзүлдү, анын ичинде тамак-аш жана тиричилик керектөөлөрү  берилди.


×