Дүйнө окумуштуулары аль-Фарабинин илимий мурасын чогуу изилдешет

Дүйнө окумуштуулары аль-Фарабинин илимий мурасын чогуу изилдешет

«Аль-Фараби: өмүрү менен мурасы». Дал ушундай аталышта Оксфорд университетинин базасында  Чыгыштын улуу илимпозунун 1150 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий симпозиум болуп өттү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Онлайн иш-чарага улуу ойчулдун мурасын изилдеп жаткан Улуу Британиянын, Казакстандын, АКШнын жана Германиянын окумуштуулары катышты. Казакстандын Улуу Британиядагы элчиси Ерлан Ыдырысов экинчи устат аталган аль-Фарабини дүйнөлүк деңгээлдеги инсан деп атады. Быйыл окумуштуунун юбилейи ЮНЕСКОнун деңгээлинде белгиленип жаткандыгы буга далил.

Өз кезегинде Оксфорд университети ислам изилдөө борборунун мүдүрү Фархан Низами аль-Фараби мурастарынын азыркы дүйнө үчүн актуалдуулугуна токтолду.

«Борбордун негизги академиялык максаттарынын бири - ислам менен Батыш дүйнөсүнүн билим берүү тармагында кызматташууга көмөктөшүү. Биз билгендей, аль-Фараби Борбордук Азияга, Жакынкы Чыгышка жана Түндүк Африкага көп саякат жасаган жана биз аны Аристотелден кийинки эле экинчи мугалим катары билебиз. Анын таасири эбегейсиз зор жана мааниси ченемсиз. Бул иш-чаранын натыйжасында Оксфорд университети менен аль-Фараби атындагы Казак Улуттук Университетинин ортосунда узак мөөнөттүү илимий көпүрө орнойт деп ишенем», - дейт Фархан Низами.

Симпозиумдун катышуучулары окумуштуунун музыканы изилдөө ишине олуттуу салым кошконун белгилешти. Аль-Фараби бул тармакты илимдин маанилүү тармагы деп эсептеген. Уэслиан университетинин профессору, этнограф жана араб музыкасынын теориясын изилдөөчү Саида Даукеева Экинчи мугалимдин фундаменталдуу илимий эмгегинин аркасында Батыш жана Борбордук Азияда музыка таануунун жана музыканын өнүгүшүнө  кошкон салымы жөнүндө айтып берди.

200дөн ашык илимий, академиялык жана коомдук топтордун  өкүлүн чогулткан иш-чара Казакстандын Улуу Британиядагы элчилиги тарабынан Оксфорд Ислам Изилдөө Борбору менен биргелешип уюштурулду.

 

Фото: enu.kz