Аралыктан иштеген кызматкердин жарыкка жана интернетке кеткен чыгымын жумуш берүүчү төлөйт

Аралыктан иштеген кызматкердин жарыкка жана интернетке кеткен чыгымын жумуш берүүчү төлөйт

Жумуш берүүчү аралыктан эмгектенген кызматкерлерин керектүү байланыш каражаттары менен камсыз кылуусу керек. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн онлайн жыйында РКнын ишкерлер федерациясы төрагасынын биринчи орун басары Мухтар Тиникеев билдирди.

«Эмгек Кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, 138-берененин 2-бөлүмүндө иш берүүчү алыскы жумушчулар үчүн зарыл болгон байланыш каражаттары менен камсыз кылуу керектиги каралган. Эгерде кызматкер өзүнүн байланыш каражаттарын пайдаланса, иш берүүчүлөр бул бөлүмгө керектүү шаймандардын бардыгын кошумча камсыз кылышы зарыл. Жумуш берүүчү Интернетке да, электр энергиясына да төлөшү керек. Бардык ушул маселелер тараптардын макулдашуусу менен чечилет», - дейт Мухтар Тиникеев.

 

Фото: freepik.com