Казакстандыктар арасында кино сценарийге сынак жарыяланды

Казакстандыктар арасында кино сценарийге сынак жарыяланды

«Хабар» Агентствосу «Менин киндик каным тамган жерим менен жердештеримди эмне үчүн жакшы көрөм» темасын ачып берген «Ойдон чыгарылган окуялар» сынагын жарыялады. Бул бүгүнкү күндүн баатырларын жөнөкөй жарандар менен далай тагдырларды тааныштырган долбоор. Сынактын шартына ылайык, ага бардык казакстандыктар катыша алышат. Башкы шарт - окуянын башкы каарманы бүгүнкү күндө арабызда жүргөн замандаш болушу керек.

«Эгер айланаңызда өзүңүздү шыктандырып, дем бере турган  адамдар болсо, алар тууралуу жазып биз менен бөлүшүңүз. Балким сиз укмуштай окуяны башыңыздан өткөргөндүрсүз?  Качандыр бир бирөөгө жардам бергенсиз же бирөөнүн мээримине бөлөнгөнсүз? Айтып берсеңиз. Сиз бизге дүйнө жүзүнүн ар тарабынан болсо да кат жибере аласыз! Эң негизгиси, сиз жазган аңгемеде көзү тирүү казакстандык замандашыбыз болсун. Биз бул сынакты Казакстандын 14 облусунда жана үч ири шаарында: Алматы, Шымкент жана Нур-Султанда өткөрөбүз», - дейт сынактын уюштуруучулары.

Сиз жазган окуя сериалга кошула турган тасманын сценарийинин негизи болушу мүмкүн.

Өзүбүздүн арабызда жүргөн бүгүнкү замандын каарманы тууралуу окуя менен бөлүшүү үчүн болгон маалыматты love.we.kz2020@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүгө болот же анкетаны www.lovewe.kz/ru/ сайтында толтуруу керек.

 

Фото: tvkinoradio.ru