Теке айынын 17-күнү 42500 теңге төлөмүнө арыздарды кабыл алуу башталат

Теке айынын 17-күнү 42500 теңге төлөмүнө арыздарды кабыл алуу башталат

Бүгүн Эмгек жана социалдык коргоо министри Биржан Нурымбетов бир жолку төлөнүүчү жөлөк пулдун категорияларын жарыялады. Анын айтымында, бул төлөм күчөтүлгөн карантиндик чараларга байланыштуу кирешесинен айрылган жарандарга төлөнөт. 42 миң 500 тенге төлөмүн дайындоого арыздарды кабыл алуу теке айынын 17де башталат.

«Бул жерде арыз жумуш берүүчү тарабынан гана берилет. Жумуш берүүчүлөргө коюлган бир гана шарт, алардын иши карантинде токтоп калса гана берилет. Аны жергиликтүү райондук, шаардык штаттар, Атамекен УКП аймактык өкүлдөрү текшерет. Анткени азыркы чектөө чаралары жөнөкөйлөтүлгөнүнө карабастан, ар бир аймакта башкы санитардык дарыгерлер өз чектөөлөрүн коюп жатат», - деди министр.

Экинчиден, учурдагы карантинде иши токтоп калган жеке ишкерлерге жана практика менен алектенген адамдарга 42 миң 500 тенге төлөнөт. Аны райондук, шаардык атайын штабдын жана салык комитетинин өкүлдөрү дайындайт. Үчүнчүдөн, жарандык мыйзам боюнча иштеп жүргөн фрилансерлер арыздарды өздөрү бере турганын Биржан Нурымбетов кошумчалады.

«Бул арыздар штаб аркылуу өтпөйт, алар түз эле жөнөтүлөт. Бул адамдар үчүн бир гана шарт - пенсиялык салымдарды 2020-жылдын 6 айында жок дегенде бир ирет болсо да которуу. Буга ай сайын бир жолку төлөмдү (БЖТ) үзгүлтүксүз жүргүзүп келген ишкерлер да кирет. Акыркы категория - өз алдынча иштеп жүргөн адамдар 42 миң 500 тенге ала алышат. Бул жолку өзгөрүү - өткөндөгүдөй БЖТ төлөөнүн кажети жок. Өзгөчө кырдаал учурунда төлөгөн болсоңуз, биз аны эске алабыз», - деди министр.

 

Фото: tengrinews.kz


×