Коронавирус майданында жүргөндөргө ыраазычылык: казакстандыктар дарыгерлерге колдоо акцияларын өткөрүүдө

Коронавирус майданында жүргөндөргө ыраазычылык: казакстандыктар дарыгерлерге колдоо акцияларын өткөрүүдө

Казакстандын жаштары медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү үчүн «Дарыгерлерге таазим» акциясын башташты. Алматыда «JasOtan» активисттери иммунитетти көтөрүүгө арналган 800дөн ашык медициналык комплект даярдашты.

«Казакстанда он миңдеген адам илдетке чалдыккан. Медицина кызматкерлеринин жан аябас эмгегинин аркасында көптөгөн бейтаптар айыгып кетишти. Дарыгерлер адам өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. Кайрымдуулук иш-чарасын баштап, биз ушундай оор мезгилде аларга кам көрүп, жылуулук тартуулагыбыз келди», - дейт ыктыярчылар.

Бул иш-чара Коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын колдоосу менен кабыл алынды. Жаш ыктыярчылар Алматы шаарындагы Борбордук шаардык клиникалык ооруканада, шаардык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында, шаардык балдар клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында болушту. Акцияга катышкан бардык ыктыярчылар жеке коргонуу шаймандары менен камсыздалган.

Ошондой эле, Актау калкы күнү-түнү казакстандыктардын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан ак халатчандарга ыраазычылык билдиришти. Шаардын көчөлөрүнө медицина кызматкерлердин портреттери орнотулду. Пандемия учурунда өз жанын аябаган эмгеги менен өзгөчөлөнгөн медайымдар, жугуштуу оорулар боюнча адистер, анестезиологдор, тез жардам дарыгерлери ж.б. Адистердин сүрөттөрү 100дөн ашык билбордго илинди. Аймакта коронавирус менен күрөшүү майданында 400дөн ашуун адис иштеп жатат.

«Бул биздин кооптуу илдет менен алпуурушуп жаткан ак халатчан адамдарыбызга арнап жасаган акциябыз. Бул жерде жалаң эле дарыгерлер эмес, медайымдар, фельдшер, лаборатория кызматкерлери да бар. Ал тургай бизде оор абалдагы бейтапты колуна көтөрүп, ооруканага алып кирген полиция кызматкери да бар. Кийин ал өзү да ошол оору менен ооруп калды. Бирок азыр Кудайга шүгүр, айыгып чыкты. Андыктан бул кишилердин баарынын эмгектери  бул жерде илинип коюлат», - дейт Актау шаарынын акими Нурдаулет Килыбай.

Жакындарын айлап көрбөй, күнү-түнү бейтаптардын өмүрү үчүн илдет менен күрөшүп келе жаткан адистердин эмгегин баалоо мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндүн баатырларын да колдоо кажет. Ага байланыштуу социалдык тармактарда көптөгөн флешмобдор уюштурулууда. Ал эми медицина кызматкерлери казакстандыктарды жеке коопсуздук чараларын так сактоого чакырат.

 

Фото: lenta.inform.kz


×