Билим гранттарына арыз кабыл алуу мөөнөтү узартылды

Билим гранттарына арыз кабыл алуу мөөнөтү узартылды

Карантин шарттарында абитуриенттердин ыңгайлуулугу үчүн билим берүү гранттарын алуу сынагына катышуу үчүн арыз берүү мөөнөтү узартылды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, документтер теке айынын 25не чейин кабыл алынат.

Мамлекеттик билим берүү грантына сынакка катышуу үчүн арыз ээси Egov.kz электрондук өкмөт порталы аркылуу төмөнкү документтерди тапшырышы керек: арыз, билим жөнүндө күбөлүк (аттестат), жеке жактын күбөлүгүнүн көчүрмөсү. Медициналык күбөлүктөр азырынча талап кылынбайт.

УБТ сертификаты электрондук форматта берилгендиктен, ал автоматтык түрдө тутумда пайда болот, андыктан аны Egov.kz сайтына жүктөөнүн кажети жок. Сынактын жыйынтыгында мамлекеттик гранттын дайындалганы тууралуу электрондук сертификаты берилет. Талапкерлерге кагаз сертификатын алуу үчүн эч жакка баруунун кажети жок деп эскертет министрлик.

Мекеменин кабарлашынча, грант дайындоо форматы өзгөргөн жок. Кулжа айында боло турган УБТ жыйынтыгы боюнча талапкерлер мамлекеттик билим берүү гранттарын алуу сынагына катышат. Бул жылы гранттар окутуу тилине көз каранды болбойт. Жогорку окуу жайлары абитуриенттерди баш оона айынын 10-25 аралыгында кабыл алышат.

Жогорку окуу жайларында билим аралыктан берилет. Салттуу формат жеке график боюнча лабораториялык иштер, өндүрүштүк окутуу жана кесиптик тажрыйба үчүн өткөрүлөт.

 

Фото: ic24.kz