Коомдук көзөмөл топтору гуманитардык жүк менен дары-дармектердин бөлүштүрүлүүсүнө көз салууда

Коомдук көзөмөл топтору гуманитардык жүк менен дары-дармектердин бөлүштүрүлүүсүнө көз салууда

Казакстан борборунда жана өлкө аймактарында коронавирустун жайылышына байланыштуу чараларды коомдук топтор көзөмөлгө ала баштады. Элдик байкоочулар Кытайдан Кызылордага келген гуманитардык жардамды кабыл алууга катышты. Бул тууралуу коомдук көзөмөлдүн аймактык координатору Лима Диас өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, гуманитардык жардамга 1600 медициналык кийим, 8200 жолу колдонулуучу хирургиялык кол кап, 50 инфракызыл термометр, 5400 №95 медициналык маска, 28 960 хирургиялык бет кап, 3700 медициналык көз айнек кирет. Теке айынын 15де гуманитардык жардам медициналык мекемелерге таратылып берилет.

Павлодар облусундагы коомдук байкоочулар Катардан гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүнө байкоо жүргүзүштү. Бул тууралуу аймактык координатор Алма Козбаева өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, теке айынын 14-күнү Павлодар облусуна Катардан жеке коргонуу каражаттарынын 18 түрү (коргоочу бет каптар, коргоочу костюмдар, пластикалык көз айнектер ж.б.) камтылган гуманитардык жүк келип түшкөн. Бул жардамды облустагы 38 медициналык уюмга жеткирүү көзөмөлгө алынган.

Ал эми борбордогу Нур-Султан шаарында байкоочу топ дарыканаларда дистрибьюторлор тараткан дары-дармектердин бар-жогун текшеришти. Акыркы эки күндө борбор калаага 1,2 миллион таңгак препарат жеткирилди. Акимчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, эки жүк учагы менен коронавирус, пневмония жана башка ооруларды дарылоого арналган дары-дармектер алынып келинди. Импорттолуучу товарлардын тизмесинде дары-дармектердин 400гө жакын түрү бар. Мисалы: ксарелто, цефтриаксон, клексан, азитромицин, дексаметазон, метилпреднизолон, ибупрофен, нимесулид, кардиомагнил, левофлоксацин, метронидазол, гепарин, нимесулид, ибуфен, парацетамол, офлоксацин ж.б.

Мониторинг тобу тургундар эң көп барган 15 ири дарыкана тармагын камтыйт.

«Дары-дармектердин керектүү көлөмү камсыз кылынгандыгына карабастан, суроо-талап жогору болгондуктан, алар дароо элге сатылып жатканы байкалууда. Ошондуктан, көпчүлүк дарыканаларда дары-дармектерди киши башына бөлүштүрүү чектелген. Дарыканада кезекте тургандардын көпчүлүгү коопсуздук чараларын жана социалдык аралыкты сакташпайт. Бардыгы санитардык эрежелерди так сактоого тийиш», – дейт шаардык жаштар саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Акулан Тастемир.

Өкмөт жана борбор акимчилиги материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүп, дары-дармектерди сатып алуу жана алып келүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүдө. Дары-дармектердин баасын негизсиз көтөргөндөргө каршы күрөш күчөтүлдү. Эгерде дарынын баасы кымбаттаганы аныкталса жарандар бирдиктүү iKOMEK 109 байланыш борборуна кайрыла алышат, ошондой эле, +7 775 160 55 32 WhatsApp номерине билдирүү жөнөтө алышат. Препараттын баасы боюнча күмөн жаралган учурда adilet.zan.kz сайты, dari.kz тиркемеси жана ndda.kz расмий сайты аркылуу Саламаттык сактоо министринин буйругу менен бекитилген шилтеме аркылуу текшерүүгө болот.

 

Фото: kursiv.kz