Заманбап ыктыярчылар: борбор тургундары карантин учурунда бири-бирине жардам колун сунуп, колдоо көрсөтүүдө

Заманбап ыктыярчылар: борбор тургундары карантин учурунда бири-бирине жардам колун сунуп, колдоо көрсөтүүдө

«Адамдын күнү адам менен». Бул сөздү ким айтса да, пандемия өрчүгөн маалда өз чындыгын көрсөттү. Буга  жакшылык кылууга умтулган борбордогу 3000ден ашык адамдын аракеттери далил. Жалган куран айынын башынан бери Нур-Султан Жаштар саясаты бөлүмүнө ыктыярчы болуу сунушу менен миңдеген адам келген. Бул тууралуу мекеме жетекчиси Даулет Карибек Kazakh TV телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, ыктыярчылар өз кызматтары үчүн бир тыйын сурашкан эмес, тескерисинче кайрымдуулук иштерине өз чөнтөгүнөн акча чыгарып салымын кошууда.

«Бугу айынын 11не чейин ыктыярчылар азык-түлүк баштыктарын таратып, полиция кызматкерлери менен бирге блок-посттордо кезеги менен нөөмөттө турушту. Ошондой эле, бир топ кары адамга жардам берип, үйлөрүнө тамак-аш жеткирип беришти. Ал тургай биз аларга күйүүчү май да куюп берген жокпуз. Ыктыярчылардын ар кандай түрлөрү бар. Мисалы, автоыктыярчы. Алар азык-түлүк жана керектүү буюмдарды жеткирип берет.  Андан кийинки ыктыярчылар башка адамдарга жакшылык кылууну каалап келгендер», - дейт Даулет Карибек.

Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысынын айтымында, учурда 50гө жакын ыктыярчы ооруканаларда жана мурунку Рамада Плаза мейманканасында кызмат кылып жүрүшөт. Алардын көпчүлүгү борбордогу медициналык институттун студенттери, башкача айтканда, болочок дарыгерлер. Жергиликтүү медициналык колледжинин насаатчыларынан куралган ыктыярдуу тобу да коронавируска каршы күрөшүүгө салым кошууга даяр турушат.

«Алар ооруканалардагы дарыгерлердин жанына көмөктөшүүгө өздөрү суранышты. Азыр алар клиникаларда алдын-ала даярдыктан өтүп жатышат, кийин акырындык менен кошула баштайт», - дейт Даулет Карибек.

Белгилей кетсек, ыктыярчылардын арасында меценаттар да бар. Мисалы, мырзалар клубу 300гө жакын тамак-аш кутуларын даярдап жеткирип беришкен. Даулет Карибектин айтымында, жамааттык ыктыярдуулук Казакстанда кеңири жайылып келүүдө.

«Жомарттын колун жок байлайт» демекчи, колунан келген жардамын бергиси келген адамдар өзү кыйналып жүрсө да четте калгысы келбейт экен.

«Бир күнү биз бир кары апага жардам бердик. Анын үйүндө тамак жок болчу. Бирок бизди келет деп нооруз көжө бышырып коюптур. Ильинкада жашаган бир жеңе бет кап абдан тартыш учурунда бизге арнап тигип клюптур. Үйдөн бет кап тигип, ыктыярчыларга алып келген адамдар өтө көп болду. Биздин жаш ыктыярчыларга арнап  колго тумар тигип, бата тилеген бир кары киши эсибизде калды. Алар тескерисинче байланыштарын үзүшкөн жок. Тынымсыз абалыбызды сурап турат», - деп билдирди башкарма башчысы.

Даулет Карибектин айтымында, борбор калаада журт кайгысын тең бөлүшүп, жардам колун сунууга умтулгандардын саны күн сайын өсүүдө. Жаңы ыктыярчылардын катарына кошулууну каалагандар борбордун жаштар саясаты бөлүмүнө кайрыла алышат. Ал үчүн Инстаграмдагы @ns_jastary баракчасына жазылуу жетиштүү болот.

 

Фото: inform.kz