Казакстандык окуучулар биринчи чейректи аралыктан окуйт

Казакстандык окуучулар биринчи чейректи аралыктан окуйт

Аяк оона айынын биринен баштап Казакстандын бардык мектептери биринчи чейректи аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов билдирди. Анын айтымында, башкы басымдуулук балдардын жана мугалимдердин өмүрү менен ден соолугуна берилип жатат.

«Биз үчүн эң маанилүү маселе - бул балдардын жана мугалимдердин коопсуздугу жана ден соолугу. Учурда өзүнүздөр көрүп тургандай, кырдаал оор. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жыл сайын аяк оона айында жана күз айларында болуучу сасык тумоо оорулары кайталанышы мүмкүн. Ушул жагдайларды эске алып, биз ушундай чечимге келдик», - деди министр окуу процессин уюштуруу тууралуу өткөн онлайн-брифингде.

Асхат Аймагамбетовдун айтымында, алыскы аймактардагы орто мектептердеги балдардын саны аларга салттуу билим алуусуна мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, башталгыч класстардын окуучуларынын ата-энелеринин өтүнүчү боюнча кырдаал жакшырган учурда кезектеги класстар катуу санитардык чараларды сактоо менен иштешет. Бул үчүн балдардын дене табын өлчөп кабыл алуу, ар кандай убакыттагы тыныгууларды, аба тазалоо, кварцтоо жана нымдуу тазалоо иштери так аткарылышы шарт.

«Социалдык аралыкты сактоо максатында билим берүү күндөрүн кезектешип 10-15 баладан ашпаган топторго бөлүштүрүү мерчеми каралып жатат. Деген менен бул балдар үчүн предметтердин бир бөлүгү аралыктан окутулат», - деди министр.

Аралыктан билим берүү технологияга көз каранды. Теке айынын 20нан баштап эмгек өргүүсүнөн чыга турган мугалимдерди кеңири масштабдагы жумуш күтүп турат. Алар балдарды аралыктан окутуунун усулдарын үйрөтүп, техникалык жөндөмдөрүн өркүндөтүшөт. Сыналгы сабактары да тартылып жатат. Билим берүү министри компьютерлердин жетишсиздигинде айрым көйгөйлөр бар экендигин жашырган жок. Бүгүнкү күндө өлкөдө 405 миң компьютер бар, бирок алардын көпчүлүгү эскирген. Жалпысынан 21 балага 1 компьютер туура келет жана алдыдагы милдет кеминде 5 балага бирөөдөн жеткирүү керек, деди Асхат Аймагамбетов.

«Жергиликтүү акимчиликтердин биринчи кезектеги милдети - компьютерлерди жаңыртуу. Бул багытта иш кызуу жүрүп жатат. Азырынча 36000 жаңы компьютер сатып алынды. Бул иш жаңы окуу жылында улантылат. Дүйнөлүк банктан алынган насыя кийинки жылдын бюджетине каржылоо планына ылайык киргизилген. Бирок биз азыр тийиштүү сунуш берип, каржы министрлиги менен иштеп жатабыз: биздин сунушубуз каражатты быйылкы жылга кошуп, компьютерлерди алуу үчүн иш алып баруу», - деди министр.

Ошондой эле, жаңы окуу жылында студенттер коомчулугу да аралыктан окууну уланта берет. ЖОЖдорго жана колледждерге барууга өзгөчө учурларда гана уруксат берилет.

«Жеке лабораториялык жумуштар, өндүрүштүк окутуу жана кесиптик практика үчүн болот. Алыскы аймакта жайгашкан колледждерде чакан контингенти менен санитардык режимди бекемдөө менен өткөрүлөт», - деди мекеме башчысы.

Асхат Аймагамбетовдун айтымында, келечекте калкта вирустук инфекциялардын деңгээли туруктуу төмөндөй турган болсо, мектептерди акырындап аралаш окутуу жана күндүзгү штаттык форматта окутууга өткөрүү маселеси каралат.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 1-чейректе аралыктан билим берүү маселеси боюнча да сунуш киргизген. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 60 миңден ашык адам коронавирус вирусун жуктурган болсо, алардын ичинде 1700 балдар. Буга байланыштуу министр Алексей Цой:

«Салттуу билим берүүнү баштоо балдар арасында инфекциянын деңгээлин арттырып, вирустун мектептин сыртында да жайылышына жол ачышы мүмкүн», - экенин айтты.

 

Фото: baigenews.kz