Теке айындагы 42 500 теңге көлөмүндөгү жардам акы кимдерге төлөнөт?

Теке айындагы 42 500 теңге көлөмүндөгү жардам акы кимдерге төлөнөт?

Жардам акы карантиндин күчөтүлүшүнө байланыштуу жумушсуз калган жарандарга төлөнөт. Бул тууралуу премьер-министр Аскар Мамин өкмөттүн кеңейтилген жыйынында билдирди.

«Президенттин тапшырмасы менен чектөө чараларын көрүү учурунда кирешесинен айрылган адамдарга социалдык жөлөкпулдарды минималдуу эмгек акынын өлчөмүндө төлөп берүү чечимин кабыл алдык. Карантиндин күчөтүлүшүнө байланыштуу эмгек акы чектелген жумуш берүүчүлөрдүн, жеке ишкерлердин жана өз алдынча иштегендердин арыздарынын негизинде жүргүзүлөт», - деди Өкмөт башчысы.

Аны менен катар, Премьер-министр Эмгек министрлигине жарандардын айрым категорияларына тамак-аш үчүн материалдык жардам көрсөтүүнү улантууну тапшырды. Бул категорияга бир миллиондон ашык адам кирет. 128 миңге жакын үй-бүлөгө даректүү социалдык жардам көрсөтүлөт.

Ал эми майыптыкты кайрадан күбөлөндүрүү мөөнөтү карантин учуруна туш келген адамдардын (30 миң адам) даражасы автоматтык түрдө  үч айга узартылат.

Белгилей кетсек, буга чейин мындай жеңилдиктер өзгөчө кырдаал учурунда жалган куран айынын 16нан бугу айынын 11не чейин төлөнүп берилген.

 

Фото: finance.kz