Күчөтүлгөн карантин талаптары: алматылыктар тоо боорунда эс алуу эрежелерин сактоого тийиш

Күчөтүлгөн карантин талаптары: алматылыктар тоо боорунда эс алуу эрежелерин сактоого тийиш

Мындан ары Алматы шаарынын тургундары эс алуу күндөрүн тоо боорлорунда өткөрө алышпайт. Алматы акимиятынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндөн тартып карантин күчөтүлгөн режимдин аягына чейин Медеу, Бутаков, Алма-Арасан сыяктуу улуттук парктарга кирүүгө тыюу салынат. Бирок бул аймактарда иш күндөрү жөө жана велосипед менен жүрүүгө болот. Бул үчүн тургундар төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш:

1. Өзү менен кошо тамак-ашты (суусундуктарды кошпогондо) алып келүүгө, чогулуштарды уюштурууга жана от жагууга катуу тыюу салынат;

 2. Парк аймагында үчтөн ашык адам чогула албайт;

3. Санитардык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо кажет (маска тагынуу, адамдардын ортосундагы аралыкты сактоо).

 

Карантин чараларынын сакталышын ТЖД, укук коргоо органдары, СЭС жана Улуттук парк кызматкерлери биргелешип көзөмөлдөйт. Жогоруда айтылган эрежелерди бузган жарандар сейил бактан чыгарылып, административдик жоопкерчиликке тартылат.

 

Бул иш-чаралар шаардагы эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жана коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында киргизилген. Муну эске алуу менен акимчилик тургундарга карантин учурунда тоолорго чыкпоого кеңеш берет.

Белгилей кетсек, Казакстанда карантин теке айынын 20нан баш оона айынын 2не чейин узартылды. Бул тууралуу премьер-министр Аскар Мамин Өкмөттүн жыйынында маалымдады.

«Катуу карантиндик чектөө чараларынын экинчи аптасы өтүп жатат. Вирустун жайылышы боюнча кырдаал курч. Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу боюнча, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу максатында, чектөө чараларын дагы 2 жумага, теке айынан баш оона айынын 2не чейин узартуу чечимин кабыл алдык», - деди Аскар Мамин.

 

Фото: realkz.com