Казакстандыктар коронавирус курмандыктарын бир мүнөттүк үнсүз аза күтүү менен эскерди

Казакстандыктар коронавирус курмандыктарын бир мүнөттүк үнсүз аза күтүү менен эскерди

Акорда резиденциясынын алдында президент Касым-Жомарт Токаев жана бир катар аткаминерлер коронавирустун курмандыктарын бир мүнөттүк үнсүз аза күтүү менен эскеришти. Каза тапкандарга таазим этүү иш-чарасын республикалык каналдар түз эфир аркылуу көрсөттү.

«Бүгүн биз эпидемиядан каза болгон мекендештерибизди эскерип, таазим кылабыз. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам. Биздин биримдигибиздин жана ынтымагыбыздын аркасында  бул сыноону эртерээк жеңебиз деп ишенем», – деп жазды Президент Twitterдеги баракчасында.

Белгилей кетсек, иш-чара өлкөнүн бардык аймагында өттү. Алардын бири борбор калаадагы башкы мамлекеттик желектин жанында уюштурулду. Улуттук гвардиянын ардактуу күзөтчүлөрү, Коргоо министрлигинин жоокерлери, куткаруучулар жана полиция кызматкерлери тизилип, эпидемиядан жабыркагандарды бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти.

 

Фото: dailynews.kz