iKOMЕК109: жарандардан келип түшкөн суроолордун төрттөн бири коронавируска байланыштуу

iKOMЕК109: жарандардан келип түшкөн суроолордун төрттөн бири коронавируска байланыштуу

7 миңден 29 миңге чейин. IKOMEC109 борборуна суткасына ушунча чалуу жана билдирүү түшөт. Жарандарды кызыктырган суроолор көп. Бирок бир дагы тургундун суроосу четке кагылган эмес. Өлкөдө ар кандай маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берилгенине карабастан, борбор да ага ылайыкташтырылган:  кызматкерлер 2000дей категория боюнча маселени чечүүгө адистешкен. Айрым маселелер жыл мезгилине жараша өзгөрүлүп турат.

«Кыш мезгилинде мектептерде сабактарды өткөрбөө, короолорду жана көчөлөрдү кардан жана муздан тазалоо, шаарлар аралык унаа жолдорду ачуу же жабуу талаптары өсүүдө. Жай мезгилинде коомдук транспорттор, көрктөндүрүү боюнча суроолор болот. Бизге баары бир эмес экендигин баса белгилеп кетким келет. iKOMEK - бул калктын суроо-талабын акимиятка же коммуналдык кызматтарга багыттоо үчүн ыңгайлуу кызмат, ошондуктан анын колдонулушу жылдан жылга өсүүдө»,  – дейт iKOMEK шаардык-борборунун башчысы Жаннат Дубирова.

Коронавирус күчөп турган чакта борбордун иши ого бетер күчөдү. Чалуулардын саны бир нече эсе көбөйүп рекорддук чекке жетти. Мисалы, акыркы бир жумада тургундарды дарыканалардагы дары-дармектердин жетишсиздиги жана баалардын ашыкча көтөрүлүп жатканы тууралуу чалуулар көбөйгөн. Ондогон адамдар борборго чалып, дары-дармекке байланыштуу абалды билдирген.

«Биз менен байланышуунун көптөгөн жолдору бар: 109 акысыз номеринен баштап, мобилдик тиркемеге чейин. IKOMEK сыяктуу кызматтын пайда болушу калкка көйгөйдү чечүү механизмин сурап, даттанууларды жана арыздарды берүүнү ыңгайлуу кылат. Бизге ыңгайлуу жол менен байланышса,  суроонун тиешелүү мекемеге жетүүсү жана чечилгенге чейин көзөмөлдөп беребиз», - деп атап өттү Жаннат Дубирова.

IKOMEK борборундагы адистердин бардыгы универсалдуу деп айтууга негиз бар. Алар ар кандай темалар боюнча суроолорго жооп берип, тиешелүү кеңештерди да беришет. Дайыма жаңыланып туруучу маалыматтар базасы чоң жардам берет. Эгерде көйгөй оператордун компетенциясына кирбесе, тийиштүү агенттиктерге кайрылат же байланыш номерлерин берет. Кээде iKOMEK операторлору кызыктуу жагдайга туш болушат.

«Бир кызык окуяны айтып берейин. Шаардагы мейманканалардын бирине шумкар куш учуп кириптир. Администрация жана ижарачы кайда чаларын билбей 109 номерин терген. Биз ветеринардык кызматка кабарладык жана 30 мүнөттүн ичинде жапайы канаттуу токойго жөнөтүлдү. Дагы бир жолу акимдин аты-жөнүн сурап чалган. Кийин белгилүү болгондой, ал шаар башчысына маалымдама жазмак болгон. Бирок чалуу катталгандан кийин, ал оюн өзгөрткөн», - деп эске салды борбор башчысы.

Жыл башынан бери iKOMEK борборуна 1 миллион 322 миң арыз келип түшкөн. Алардын төрттөн бири өзгөчө кырдаал жана коронавируска байланыштуу. Акыркы сутка ичинде эле адистер 7 миң тургундун чалууларын кабыл алышкан.

 

Фото: komando.com