Серепчилер: Аза күтүү күнү деп жарыялоо чечими - пандемиядан каза тапкан казакстандыктарга көрсөтүлгөн урмат

Серепчилер: Аза күтүү күнү деп жарыялоо чечими - пандемиядан каза тапкан казакстандыктарга көрсөтүлгөн урмат

Кулжа айынын 13ү - Казакстанда Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаев  өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу теле кайрылуусунда билдирди.

«Көптөгөн өлкөлөрдө кырдаал мындан да оор. Бирок ар бир казак - менин жалгызым деп айтылгандай, мен ар бир жарандын өлүмүнө терең кайгырам. Бул коркунучтуу илдет көптөгөн азаматтарыбызды алып кетип жатат. Бүгүн кайгыга түшүп отурган адамдарга көңүл айтам. Ошондуктан мен кулжа айынын 13үн жалпы Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Бирок биздин күрөшүбүз улана берет», - деди Токаев.

Аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин серепчилер пандемиядан каза тапкан казакстандыктарга көрсөтүлгөн урмат деп атады. Ошол эле учурда, Президент бүгүнкү күндө сабыр сактап, туура иш алып баруу маанилүү экенин белгиледи.

«Бул бардык элибиздин башына түшкөн сыноо алдында  туруктуулукка, чыдамдуулукка жана жоопкерчиликти көрсөтүүгө үндөө. Пандемия - адамзаттын кылымдык тарыхында болуп турган апааттар. Ар дайым дүйнө, өлкөлөр менен адамдар жашоого, келечек үчүн күрөшүүгө, медицинага, илимдин жетишкендигине таянып олтуруп, жеңишке болгон ишенимдин аркасында коркунучтуу илдеттерди жеңген. Президент айткандай, биз жеңебиз», - деди Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрү Зарема Шаукенова.

«Эпидемия менен күрөшүүдө азыркы учурда эң маанилүүсү дүрбөлөңгө түшпөө! Күрөштү токтотпоо! Теке айынын башында саны 400 болгон мобилдик топтордун саны айдын аягына чейин 3,5 миңге жеткирилет. ПЧР тест борборлору күнүнө 40 миң тест жасай турган болушат. Парацетамол жана антибиотиктер сыяктуу керектүү дары-дармектер дарыканаларга жеткирилет. Дарыгерлер маалымат ишин күчөтөт. Эпидемия менен күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттар тынымсыз көзөмөлдөнүп турат. Эл кыйналып турганда коомчулукта дүрбөлөң түшүрүүгө аракет кылгандардын жолу тосулат», - деп жазды Сенат депутаты Дана Нуржигит.

Белгилей кетсек, Казакстан 2019-жылдын бештин айынын 28де жарыяланган жалпы аза күтүү күнүнөн жарым жыл өткөндөн кийин, коронавирус илдетинин кесепетинен адамдардын каза болуп жатышына байланыштуу аза күтүү күнү деп жарыялады. Аза күтүү күнү 1991-жылы Казакстан эгемендик алгандан бери тогузунчу жолу жарыяланып олтурат. Коронавирустун курмандыктарын жоктоп аза күтүп жаткан өлкөлөрдүн катарында Кытай, АКШ жана Испания бар.

 

Фото: inform.kz