Президенттин тапшырмасы: мыйзамсыз дары саткандарга катуу чара көрүлөт

Президенттин тапшырмасы: мыйзамсыз дары саткандарга катуу чара көрүлөт

Дары-дармектерди мыйзамсыз саткандар катуу жазага тартылат. Ошондуктан Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

«Менин тапшырмам боюнча укук коргоо органдары дары-дармектердин баасын мыйзамсыз көтөргөн адамдарды кармап жатышат. Калкты дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда. Дарылардын тартыштыгын жараткан элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырам», – деп жазды Президент Twitterдеги баракчасында.

Учурда Президенттин тапшырмасы менен укук коргоо органдары өлкөнүн бардык аймактарында атайын рейддерди жүргүзүп жатышат. Полиция препарат аткезчилигин кыскартуу максатында социалдык тармактар менен сайттарды да көзөмөлдөөгө киришти. Анткени пандемияга байланыштуу өлкөдө дары-дармектердин жетишсиздиги пайда болгондуктан аталган өнүмдөрдү алып-сатуу киреше табуунун булагына айланган.

Жумуш текке кеткен жок. Полиция бир күндүн ичинде борбор калаада жалпы суммасы 3,7 миллион тенгелик дары-дармекти аныктады. Алматыда мындай мыйзамсыз бизнестен пайда табууга аракет кылгандыгы үчүн эки адам кармалды. Шымкентте 50дөн ашык тургун уруксат кагазы жок дары-дармек сатканы үчүн кылмыш иши козголду. Атырауда вируска каршы дары-дармектердин баасын 10 эсе көтөрүп калкты кыйноого жол берген жеке клиниканын ээси жоопко тартылат. Карагандыда да акча тапкысы келген адамдар табылды. Ушуга окшогон 5 окуя Түркестан облусунда катталган. Ал эми Акмола облусунда эркек адам мыйзамсыз өз үйүндө түнкү дарыкана ачууга чейин барган.

«Казакстанда бир күндө 46 адам дары-дармекти мыйзамсыз же жогорку баада сатууга аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Алардан 20884 кутуча ар кандай дары-дармектер конфискацияланды. Анын арасында 2600 таңгак глюкоза жана ферсинол, 2200 ацетилсалицил кислотасы, 654 парацетамол бар. Айрым адамдар тартыш болуп жаткан дарыларды соодалап киреше табууга аракет кылышууда. Мындай аракеттер базардагы дүрбөлөңдүн пайда болуусуна алып келди», – деди Саламаттык сактоо министри Алексей Цой брифингде.

Мындай учурда мыйзамда кандай жоопкерчилик каралган? Препараттарды кымбат баада саткандыгы үчүн жарандар Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 426-беренеси боюнча жазаланат жана 2 миллион 778 миң тенге чейин айыппул салынат.

Жалпысынан бүгүнкү күндө калк арасында талап кылынган дары каражаттарынын жетишсиздиги чечилүүдө. Дары-дармектерди өлкөгө ташып келүү тартиби тездетилди. Маселен, эки жума мурун 974 миллион теңгеге бааланган дары-дармек жеткирилсе, соңку аптада алардын көлөмү 1,5 миллиард теңгеге чейин көбөйгөн. Мындан тышкары, учурда өлкөдө коронавирустук инфекцияны дарылоодо колдонулуп жаткан 2,1 миллиард теңгелик дары-дармек бар.

 

Фото: dnr-live.ru


×