Нур-Султан: келечек шаары 22 жашта

Нур-Султан: келечек шаары 22 жашта

Мындан жыйырма эки жыл мурун Казакстандын борбору күнөстүү Алматы шаарынан анча белгилүү эмес провинциялык шаар - Акмолага көчүрүү чечими кабыл алынган. Ошол учурда республиканын башкы шаары болушу керек болгон талаа мейкиндигинин ортосунда жаңы мегаполис куруу идеясы көпчүлүккө оор жана чындыкка коошпогондой сезилген. Бирок бүгүнкү күндө Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин Евразия континентинин борборунда келечек шаарын куруу жөнүндөгү кыялы дүйнөнүн таланттуу жана атактуу архитекторлорунун арты менен ишке ашканын көрүп турабыз.

КУЛЯЙША АКТАЕВА, РКНЫН ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ, ЭЛ БАШЫ КИТЕПКАНАСЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

-  Жогорку Кеңеш өлкөнүн борборун башка жакка көчүрүү планын бекиткенден кийин тайманбас кадам таштап, уникалдуу демилгени жүзөгө ашыруу үчүн күчтүү аянтча керек болчу. Буга байланыштуу биринчи республикалык мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдүн катарына Акмола кирген. Алматы шаарынын тажрыйбалуу архитекторлор тобу да болду. Бирок Нурсултан Назарбаевдин оюндагы уникалдуу стили бар керемет долбоорду ишке ашырууга татыктуу деп Кисё Курокава табылды. Ал дүйнөлүк архитектура мектебинин көрүнүктүү өкүлү. Ал Эл Башынын планындагы метаболизм концепциясына толук жооп берди.

Борборду Акмолага көчүрүү стратегиялык маанилүү чечим болгон. Бул шаардын артыкчылыктары бир катар факторлор менен аныкталган дешет адистер. Ал жагымдуу географиялык жайгашуусу жана жагымдуу экологиялык шарттары, ошондой эле, шаардын андан ары өнүгүшү үчүн олуттуу ресурстар бар экендиги дагы маанилүү. Ушул позитивдүү факторлордун комплексин талдап чыгып, Акмоланын пайдасына жаңы борбордун ордун тандоо жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө ошол тарыхый маанилүү окуялардын хроникасы жана күбөлүктөрү Казакстандын Биринчи Президентинин Эл Башы китепканасында сакталып турат.

КУЛЯЙША АКТАЕВА, РКНЫН ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ, ЭЛ БАШЫ КИТЕПКАНАСЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

 - Бизде борбордун башкы курулуш планына ылайык, жылдык фото-даректердин базасы бар. Долбоордун эскиздик үлгүлөрүн ишке ашырууга чейинки убакытын ушул фото-сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Мисалы, шаарыбыздын талисманына айланган Байтерек монументинин эскизин Нурсултан Абиш уулу өз колу менен иштеп чыкканын билебиз. Андыктан борбор калаанын тарыхынын жалпы өнүгүшүн изилдейм, жакындан таанышам деген жарандар үчүн материалдык ресурстарыбыз жетиштүү.

Башкы шаар дале болсо өнүгүү жолунда. Жаңы көчөлөр курулуп, бири-бирине окшобогон имараттар тургузулуп, уникалдуу долбоорлор ишке ашырылууда. Шаардын көрүнүшү таанылгыс болуп өзгөрүүдө. Казакстандыктар сыймыктанган, башкалар таңыркап суктанган борбор учурда көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланды.

 

Фото: otyrar.kz