КМДБ: жаназага катышкандар эрежени сакташы керек

КМДБ: жаназага катышкандар эрежени сакташы керек

«Сактансаң-сактайм!». Бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурган ооруга кайдыгер кароо өзүбүз үчүн эле эмес, жакындарыбыздын өмүрү үчүн да коркунучтуу. Буга байланыштуу ОКК маалымат жыйынында Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жаназага жана куран окутууларга катышканда кандай эрежелерди сактоо керектигин жарыялады.

«Жаназага бир гана дин кызматчысы, маркумдун үй-бүлөсү жана туугандары гана катыша алат. Акыркы сапарга узатууга 30дан ашык адам жана дене табы көтөрүлүп же жөтөлүп жаткан адам катышпайт. Жаназа намазына катышкан адам санитардык нормаларды сактоого, тактап айтканда, бет кап тагынып, медициналык кол кап кийип, адамдардын ортосунда кеминде эки метр аралыкты сактоого милдеттүү», - деди КМДБ төрагасынын орун басары Ершат Оңгаров.

Брифингдин жүрүшүндө эпидемиядан улам каза тапкан маркумдун сөөгүн жууп-тазалоо дарыгердин көрсөтмөлөрүнө ылайык жүргүзүлүшү керектиги белгиленди. Мындан тышкары, жаназа намазы жана насааттардын убактысы 5 мүнөттөн ашпоосу, социалдык аралыкты сактоо, карылар, ден-соолугу начар адамдар жана жаш балдар жаназа намаздарына катышпоосу керектиги айтылды. Ошондой эле, жаназадан кийин куран окутуу өткөрбөө же үй-бүлө мүчөлөрү менен гана чектелүү зарыл, - деди наиб муфтий.

 

Фото: azan.kz