Домбра күнү – эл үнү!

Домбра күнү – эл үнү!

Казакстан Улуттук Домбра күнүн үчүнчү жолу белгилөөгө даярданып жатат. Майрамга саналуу гана күндөр калды. Эскерте кетсек, быйыл бул дата теке айынын 5не туура келет. Эл жазуучусу Кадыр Мырза Алинин:  «Чыныгы казак казак эмес, чыныгы казак - домбра» деген сөздөрү кара домбранын кылымдарды карыткан тарыхынан кабар берсе керек. Анын үстүнө бүгүнкү күндө улуттук аспаптын заманбап музыканын ритмине шайкеш келгендигин эске алсак, анда домбранын жашоосу дагы бир нече кылымдарды карытары шексиз. Домбра патриоттук рухту, көз карандысыздык менен муундардын уландысын жыйнаган аспап. Мааракенин белгиленүүсү да домбранын казак жашоосунда канчалык маанилүү экендигин ачыктайт.

Майрам алдында Бухар Жырау атындагы Павлодар облустук адабият жана искусство музейинин фондунда сакталган 20дан ашык домбра коомчулукка тартууланды. Эки кылдуу экспонаттардын дээрлик бардыгын Иртыш аймагынын белгилүү акындарынын жана композиторлорунун туугандары тапшырышкан. Ушул баалуу экспонаттардын катарында ырчы, домбрачы Байгабыл Жылкыбаевдин жана казак киносунун чебери Каукен Кенжетаевдин домбрасы да бар. Улуттук Домбра күнүнүн алдында музейдин алдына аспаптын эскизи орнотулду. Анда эртеден кечке чейин күү ойнотулуп турат. Онлайн өткөн иш-чаранын жүрүшүндө өнөр сүйүүчүлөр коомчулугу Майра Шамсутдинованын буга чейин эч жерде аткарылбаган жаңы ырын угушту.

«Биздин жалпы музейде уюштурулган онлайн иш-чараларыбыз бар. Бул иш-чаранын ичинде Иртыш-Баян аймагы композиторлору аттуу долбоорубузду, ошондой эле, тургундардын жана көрүүчүлөрдүн назарына ушул музейдин алдындагы домбранын эскиздеринин онлайн көргөзмөсүн сунуштайбыз. Онлайн көргөзмөдө ырлар айтылып, күүлөр чертилет. Мунун баары глобалдык пандемия учурунда адамдардын рухун көтөрүү үчүн уюштурулган онлайн иш-чара деп билебиз», - дейт Букар Жырау атындагы адабият жана өнөр музейинин кызматкери Амангелди Егинбай.

Ал эми Түндүк Казакстан облустук  Казакстан Элдер Ассамблеясынын филиалында онлайн сынак уюштурулду. Ага домбрада ойногон 20 Түндүк казакстандык катышууда. Алардын баардык видеолору социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулуктан жана калыстар тобунан эң көп добуш алган адам жеңүүчү болот. Сынактын жыйынтыгы теке айынын 20да чыгарылат.

Фото: oldru.kyzylorda-news.kz