Эл Башынын Казакстандын конституциялык түзүлүшүндөгү ролуна арналган китеп тааныштырылды

Эл Башынын Казакстандын конституциялык түзүлүшүндөгү ролуна арналган китеп тааныштырылды

«Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин көз карандысыз Казакстандын конституциялык түзүлүшүндөгү ролу: Эл Башынын тажрыйбасы»  аттуу китептин онлайн бет ачары болду. Жаңы басылмада Нурсултан Назарбаевдин Баш Мыйзамды даярдоо жана аны жүзөгө ашырууда өлкөнүн заманбап саясий жана укуктук тутумун түзүүдөгү ролу баяндалат. Онлайн режимде өткөн китепти тааныштыруу учурунда Казакстан Республикасынын Конституциялык Кеңешинин Төрагасы Кайрат Мами 1995-жылы баш мыйзамды жаңылоо жөнүндө чечим кабыл алуу Туңгуч Президенттин тайманбас кадамдарынын бири болгонун белгиледи.

«Кийинки баш оона айынын 30да өткөн референдумда Конститутцияны бекитүү ага жогорку легитимдүүлүк берди. Эл Башынын стратегиясы жана Казакстан элинин эрки шайкеш келди. Бул өткөн чейрек кылым Казакстан Республикасынын Конституциясынын натыйжалуулугун жана прогрессин көрсөттү. Көз карандысыз Казакстандын бардык ийгилиги өлкөнүн жарандарынын муктаждыктарына, андагы баалуулуктардын кол тийбестигине жооп берген Конституциянын жогорку сапатына, анда жарыяланган баалуулуктардын кол тийбестигине байланыштуу», - деди спикер.

Эл Башы Фондунун аткаруучу мүдүрүнүн орун басары Игорь Рогов өз сөзүндө өлкөдөгү конституциялык түзүлүштүн заманбап тарыхы азыркы Казакстандын саясий жана укуктук тутумунун негиздөөчүсү Нурсултан Назарбаевдин ысымы менен тыгыз байланышта экенин белгилеп өттү.

«Чет элдик тажрыйбаны жана алдыңкы укуктук технологияларды колдонуп, ата мекендик юристтердин жетишкендиктерине таянып, Эл Башы бир жагынан эл аралык стандарттарга жооп берген, экинчи жагынан суверендүү жана эффективдүү казакстандык укуктук системасын түздү», - дейт Игорь Рогов. 

Китеп Биринчи Президенттин мааракесине карата даярдалып, Казакстан Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгына карата улуттук иш-чараларды жүзөгө ашыруу алкагында жарык көрдү. Конституциялык Кеңешме тарабынан иштелип чыккан басылма эми өлкөнүн китепканаларында, Конституциялык Кеңешменин жана Эл Башы Фондунун сайттарында жеткиликтүү болот.

Фото: inform.kz