Туризмдин өнүгүшү: чет элдик саякатчылар түрк окумуштууларынын изи менен сапарга чыга алышат

Туризмдин өнүгүшү: чет элдик саякатчылар түрк окумуштууларынын изи менен сапарга чыга алышат

Көчмөндөр дүйнөсүнө барып, алардын үрп-адаттары, жашоо образы жана маданияты менен таанышып, тарыхый жана архитектуралык эстеликтерди көрүп, ыйык жерлерге баруу. Улуу талаа өлкөсү саякатчыларды дал ушуга чакырат. Kazakh Tourism улуттук компаниясы жаңы туристтик тартымдуу багыт катары Казакстан жөнүндө имидждүү видео-роликтерди иштеп чыгат. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, казак, орус жана англис тилдеринде тартылган видеолор өлкөнүн таң калыштуу туристтик дараметин көрсөтөт.

Адистердин айтымында, Казакстан жана Борбордук Азия чөлкөмү дүйнө жүзү боюнча саякатчылар үчүн өзгөчө жагымдуу. Бул Чыгыш менен Батыштын, байыркы цивилизациялардын жана заманбап инфраструктуранын тарыхын айкалыштырат. Байыркы илимпоздор бул жерге келүүнү каалашкан. Туристтер заманбап Борбордук Азиянын башка дүйнө үчүн эмнеси менен жагымдуу болгонун  түрк дүйнөсүнүн улуу илимпоздорунун изи менен саякатка аттанып, биле алышат. Мындай мүмкүнчүлүк топтолгон турлардын аркасында пайда болуп жатат. Ошондой эле, өзбек адистери Казакстандын Түркестан шаарындагы Ахмет Яссауи мавзолейине, Өзбекстандын Ташкент облусундагы Зангиота мемориалдык комплексине, Каракалпакстандагы Хакимота Бакиргоний мавзолейи кирген транс чек аралык турларды иштеп чыгууну сунуштап жатат.

«Биз түрк тилдүү мамлекеттердин маданий иш-чараларынын бирдиктүү календарын иштеп чыгууну сунуштайбыз. Анын алкагында биз өлкөлөрүбүздүн маданиятын жана салт-санааларын чагылдырган ар кандай фестивалдарды уюштурууну координациялайт элек», - дейт Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Азиз Абдухакимов.

Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркия жана Азербайжандын туруктуу мүчөлөрү болгон Түрк Кеңешинин өлкөлөрүнүн туристтик дараметин жайылтуу менен атайын спутниктик телеканал алектенет. Мындан тышкары, серепчилер республикалардын туристтик багыттарынын бирдиктүү картасы менен жалпы интернет-сайт түзүүнү сунушташат. Бул ресурстун жардамы менен туристтер түрк элдеринин тарыхы, маданияты, үрп-адаты жана заманбап жашоосу менен таанышып, виртуалдык турлар менен экскурсияларды жүргүзө алышат.

 

Фото: liveinternet.ru