Европалыктар ІІ Дүйнөлүк согушта каза тапкан казакстандык жоокерлерге урмат көрсөттү

Европалыктар ІІ Дүйнөлүк согушта каза тапкан казакстандык жоокерлерге урмат көрсөттү

Норвегияда Экинчи Дүйнөлүк Согушта курман болгон казак жоокерлерин эскерүү кечеси болуп өттү. Быйыл өлкөнүн аталган мамлекеттеги элчилиги согушта каза болгон 44 казак аскеринин ысымын аныктады. Бешөөнүн сөөгү Норвегиянын Йорстадмоен калктуу конушундагы аскер көрүстөнүнө коюлган. Эрдикке таазим этүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, казак дипломаттары, белгилүү спортчулар жана коомдук ишмерлер катышты.

«Бул сапар мен үчүн абдан маанилүү. Лиллехаммер - мен 1994-жылы Олимпиада чемпиону болгон шаар. Бүгүн биз согушта курман болгондордун рухуна таазим эттик. Бул жерге 1000ге жакын советтик жоокер коюлган. Бешөөнүн ким экендигин билебиз. Каармандык менен курман болгон жоокерлер унутулбайт», - деп маалымдады салтанатка катышкан Олимпиада чемпиону Владимир Смирнов.

Ал эми Чехиянын Оржехов шаарында 37 казак жоокеринин аты эстелик тактасына жазылды. Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгилинде курман болгондорго арналган  эскерүү тактасына бардыгы болуп 1250  советтик жоокердин аты-жөнү жайгаштырылган. Булардын бардыгы Чехиянын Оржехов шаарын, Чехиянын Түштүк Моравия аймагын жана  анын жанындагы калктуу конуштарды бошотууга катышып, Братислава-Брно кол салуу операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Буга чейин алардын ысымдары белгисиз болчу. Ар тараптуу изилдөөлөрдүн натыйжасында алардын ким экендиги аныкталып, ысымдары 10 тактачага жазылды.

 

Фото: luvida.livejournal.com